Каныбек Иманалиев спикер болом деп…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акаевдин заманынан бери депутаттыктан түшпөй, өзүн кыйын сезген Каныбек Иманалиев деген бар. Чындыгында Акаевдин арты менен жылдызы жанды. Анын арты менен бир катар чоң кызматтарга ээ болду. Акаевге өкүл бала болуп, бирок революциядан кийин анысын танып кеткен дешет. Каныбек мырза партияларды алмаштыруу жагынан чемпион болгондой. Кайсы партия парламенттен орун аларын билип, ыңгайлуу тизмеге кире алат. Каныбек мырза журналистигине салып сөздү куюулуштуруп тизмектей сүйлөй да билет. Парламенттеги билими аз депутаттардын арасынан өзүн өтө билимдүү көрсөтө алат. Парламентте Атамбаевдин экс-президент макамын алып жатканда өзүн акылдуу сезип, дүйнөдөгү соттолгон президенттердин атын атаган. АКШ тарабынан кармалып кеткен Панаманын жетекчиси Норьеганы, качып бараткан жеринен көтөрүлүшчүлөр атып салган Румыниянын президенти Чаушескуну соттолгон деп урдуруп койгон. Албетте булар ким экенин чимкирик аталган кесиптештеринин көбү билбейт деле да. Ошондуктан эч кимиси үн ката алышкан жок.
Эми мына ушул түбөлүк депутатка айланган Каныбек мырза дагы жаңы партиянын тизмесинен орун алгандыгын айтышууда. Ал кайсы партия десеңиз кадимки Райым миллион каржылап, бийлик колдоого алган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы. Эгерде Каныбек Иманалиев депутат болуп келсе, спикерлик кызматка бараары тар чөйрөдө айтылып калып жатат. Деги биздин саясатчыларда кан алмашып, жаңы жүздөр келеби же ашмалтайы чыккандарды шайлап эле жүрө беребизби?

Аргумент.kg