Кантип аны көргөндө соккон жүрөгүмдү токтото алам. Ал адам менден 16 жаш улуу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы. Билем, азыр мен жаза турганым баарына абсурд, бирок кеңеш алуу үчүн сырымды айткым келди.
Жашым 27де, турмушка чыга элекмин. Окуп, иштеп, ата-энеме жардам берип жүрүп кантип 27ге чыкканымды да байкабай калдым. Өзүм жоош, тарбиялуу эле кызмын. Ушул жашка чыккыча бир да жолу клуб, дискотека деген жерлерге барган жокмун, оңго-солго баскан жокмун. Таза абийирим, намысым менен эле жүрөм. Балдар менен деле көп сүйлөшкөн эмесмин. Билесиздерби, мен сүйүүгө ишенчү эмесмин, эки адам жылдызы келишип бири үйлөнүш керек, экинчиси турмушка чыгыш керек деген муктаждыктан эле бири-бирине болгон көнүп калууну сүйүү деп ойлошот деп жүрчүмүн. Сүйдүм-күйдүм дегендерге таң калчумун. Балдар менен таанышып, сүйлөшүп көргөндө деле жактыруу эле сезими болчу, бирок катуу эч кимди сүйүп көргөн эмесмин.
Таң калычтуусу, мен бир адамды аябай жакшы көрүп калдым, качан жана кантип бул сезим пайда болду түшүнбөй калдым. Аны көргөндө, үнүн укканда жүрөгүм ылдам согот.Анын жанында турганда жүрөгүмдүн дабышы кулагыма жаңырып, колдорум титерейт, айта турган сөзүмөн адашып, басып бара жаткан түз жолдон чалынам. Ал адамдын атын укканда жүзүндө жылмаюу пайда болот. Анын баскан-турганы, сүйлөгөнү, көз карашы баары мен үчүн идеалдуу сезиле берет. Мен сүйүү бар экенине ишендим. Аттиң, ушул сүйүү сезимин башка убакта, башка адам менен сезсем болбойт беле деп өкүнөм. Билем, ал адам менен менде келечек жок, менин ага болгон сезимимди ал адам эч качан билбейт, себеби мен ага билдирбейм. Мен аны жакшы көрүп калганым үчүн өзүмдү аябай күнөөлүү сезем, өзүмөн уялам, кантип деп таң калам. Себеби ал менден 16 жаш улуу, 43тө. Ооба, абсурд… Жок, мен үйүндө жубайы отурган адамды сүйгөн жокмун, анын аялы жок, ажырашып кеткен экен. Бирок баары бир өзүмдү күнөөлүү сезем. Ушул сүйүү өзүм теңдүү адамга пайда болсо болбойт беле? Канчалык акылым менен бул сезимди жууп салууга аракет кылсам да болбойт жатат, жүрөгүмдү башкара албай жатам.Кантип аны катардагы эле адам катары көрүп, ага болгон сезимдеримди өчүрө алам, кантип аны жүрөгүмдөн чыгарам, кантип аны көргөндө соккон жүрөгүмдү токтото алам? Эжекелер, урушпай кеңеш бериңиздерчи

Аргумент.kg