Канча ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин экиден аялы бар?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Элибизде эзелтен бери….: «Өзбек байыса там салат,кыргыз байыса аял алат» деген учкул сөз бар.Өткөн кылымдын 90-жылдарында Кыргызстан өзүнчө эгемен мамлекет болуп,рынок мамилелерине бет алды.Калкыбыздан  жүздөгөн ишкерлер чыгып,колунда көп акчасы бар адамдардын тобу түзүлдү.Ошондо биз жогоруда айткан макал ишке аша баштады.Жашыруун түрдө эки аял алгандардын саны көбөйдү.Маркум Чубак ажы бир кезде ачык эле: » Парламентте, бийликте жүргөндөрдүн бир далайынын экиден аялдары бар.Керек болсо,мен өзүм нике кыйып бергем»- деп айтканы бар.2010-жылы революция болгондо Курманбек Бакиев Минскини көздөй качкан.Ошондо Белоруссиянын президенти Лукашенко: «Аялы менен жаш балдарын аядым,мектеп жашына  жаңы жеткен балдарда күнөө жок»-деп айтан эле.Бакиевдин  ошол кезде элге белгилүү болгон эчак эле бойго жетип, үй-бүлөсү бар эки  уулу бар эле.Демек Лукашенко айткандар экинчи аялынан төрөлгөн наристелер эле.
1997-жылы таанышуу агентигин иштеткен орус аял: «Менин кардарларым 50 жаштан жогорку бай адамдар,алар жаш кыз-келиндерди издешет.Кыз-келиндер дагы,байлыгы үчүн макул болушат.Маселен азыр 65 жаштагы бай адам 27 жаштагы келин менен берки үй-бүлөсүнө билгизбей,факты жүзүндө үй-бүлөдөй эле жашашат.Мындайлар көбөйүп баратат».-деп интервью берген.
Урматтуу окурман. Азыркы ЖКнын депутаттыгына  талапкер болгон жүздөгөн инсандын арасында ушундай жашыруун  экинчи аялы барлар да жүрөт деген пикирлер чыгууда.Буд калппы же чынбы?Сиздердин пикирлериңизди күтөбүз…
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg