Канат Исаев: «Акыркы камалган депутаттарды үй камагына чыгаруу керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Канат Исаев акыркы жолу камакка алынган саясатчылар тууралуу пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. «Жакынкы күндөрү белгилүү саясатчылардын камалышына көңүлүңүздөрдү бурам. Козголгон кылмыш иштери тууралуу бизде маалыматтар жок. Үстүртөн такталбаган божомолдор эле. Кандай айып коюлду, кандай далилдер бар бизге белгисиз. Бирок камалгандардын бири Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын төрагасы болгон. Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп иштеген. Төрөбай Зулпукаров вице- спикер болгон. Үчөө тең саясий салмакка ээ. Келечекте такталабы же жокпу белгисиз. Учурунда Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев эркинен ажырап абакта отурушту. Мыйзам жолунда чечим чыгып, алар акталды. Бир дагы тергөөчү, сот жоопко тартылган жок. Жакында камакка алынгандардын күнөөлөрү болсо жоопкерчиликке тартылсын. Бирок азыр саясатчыларды үй камагына чыгаруукерек», — деди ал.

Аргумент.kg