Канат: «Ата-энеси бай кызга үйлөнөм, бирок кантип?» Кеңеш бериңиздерчи…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Менин мектеп кезинен бери сүйгөн кызым бар. Экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. Бирок, бир көйгөй, анын ата-энеси бай. Мени теңине алышпайт, өйдөдөн карайт. Өзүм окуумду бүткөм, жакшы жумушта иштейм. Кеңеш бериңиздерчи, кандай жол менен баш кошсок болот?
 
Тамара Воронцова, психолог
Урматтуу мырза, социалдык жана материалдык теңсиздик дайыма маанилүү болуп келген, бул нерсени өзгөртө албайбыз. Ата-энелер, кызы башка жерге барса, көнбөгөн шарттарда жашай албай калат деп чоочулашат. Мунун айынын уруш болот.
Бир нерсени билиңиз, ар бир ата-эне балдары бейкуттукта, жетишкен турмушта жашоосун каалайт. Ошондой эле  үй-бүлө сүйүүдөн курулушу керектигин унутпайлы. Сүйлөшкөн кызыңыз сиздин кадыр-баркыңыз, эмне себептен сизди жакшы көрөөрү тууралуу көбүрөөк айтсын. Эч качан ата-энесине талап коюп, макул болбосо качып кетпесин, сиз дагы кызды ала качуу жөнүндө ойлонбоңуз. Кандай болгон күндө да өзүңүздү татыктуу алып жүрүңүз!
Бардык күчүңүздү анын ата-энесине жагууга эмес, өзүңүздүн пайдаңызга, бизнес баштаганга, көбүрөөк акча тапканга жумшаңыз. Үйлөнүүгө шашылбаңыз!  Кыз ата-энесин көндүргөндө, алар көп учурда күйөө баласынын карьерасын бутуна тургузууга жардам берет. Бирок, эч качан алардан акча албаңыз, келечекте дагы, жакшысы досторуңуздан алыңыз.
Жалпысынан: ынандырыңыз, багындырыңыз, акча табыңыз, шашылуунун кереги жок! Мен ар дайым кыздарга мындай деп айтам: бай жигиттерди эмес, жалкоо эместерди издегиле! Байлык бир заматта жок болуп кетиши мүмкүн, ата-эненики андан бетер! Эгерде жигит мээнеткеч болсо, ал кандай гана кырдаал болбосун, акча таап, үй-бүлөсүн бага алат. Мунун баары сиздин колуңуздан келээрине ишенем! Ошондой эле үй-бүлө куруу үчүн бир гана сүйүү жетишсиз, көп күч, аракет, эмгек, сабырдуулук керек.
Өзүңүзгө ишениңиз, ошондо сизде баары жакшы болот!
БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg