Камчыбек Жолдошбаев президенттин атын саткандан да кайра тартпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башкалардай эле Камчыбек Жолдошбаев да дүрбөп чыкты. Бир мандаттуу Ленин округунан талапкерлигин коюу үчүн жан сабап. Бирок, “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, мурдагы шайлоодо жыдып калганын эстеп, амалданып жатканы каңкууланды. Вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев аркылуу президенттин колдоосун алууга жанталашып, о.э. Кара-Кечени башкарган жигитке да чыгып, ал аркылуу дагы алигидей байланышын бекемдөөгө ашыгып, айласы алты кетип аткан чагыбы? “Акчанын күчү менен Суваналиевди жеңе алам! Ленин округу мени шайлайт!” деп дөөгүрсүп сүйлөгөнү тарап кетти. Садыр Жапаров деле Камчыбек Жолдошбаевди колдобосо керек. Мындай адамга жакындоо менен аброюна шек келтирип, эл астында уят болуп калышы мүмкүн эй!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg