Камчыбек Жолдошбаев «Мэ энеңи…» деп уяттуу нерсени көрсөттү
28-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин оозго алгыз сөз менен сөгүнүп колу менен уяттуу нерсени көрсөткөн видео социалдык тармактарга жарыяланды. Буга чейин жумушка коомдук транспорт менен келген кесиптештерин көргөндө уялганынан шапкесин баса кийип өтөрү тууралуу айтылып коомго бир топ талкуу жараткан болучу. Бул боюнча депутат өзү үн катар деген ойдобуз.