Камчыбек Жолдошбаев: “Депутаттар жакшы иштешти, коронавирус азайып баштады”
14-бугу, 2020-ж // //“Депутаттар жакшы иштешти, коронавирус азайып баштады”, -бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
“Коронавирус азая баштады, депутаттар жакшы иштешти. Депуттар өздөрүнүн округдарына барышты, жанына ишкерлерди алып, элге жардам беришти.
Коронавирус менен контрабанда бир тууган экен: бирөө өпкөдөн, экинчиси жалпы жонунан кармайт экен. Медиктердин айтканын жасаш керек.
Тоолуу райондорго кирген жерлерде электер энергиясынын баасын кемитүү керек. Суусамыр, Алай, Кемин, Нарын, Ат-Башыларда кышында 30-40градус суук болот, ошондуктан бааны арзандатуу зарыл.
Чет элге эмес, Ысык-Көлгө эс алышыбыз зарыл”, -деди Жолдошбаев.