Камчыбек Ташиевге операция жасалып, наркоздон ойгонду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабызга жасалган бүгүнкү хирургиялык операция өтө оор жүрдү. Операцияга Берлин убактысы боюнча саат 8:00дө кирип, саат 18:30да гана өзүнө келди. (Бишкек убактысы боюнча13:00дөн 23:30га чейин). Операция 3 саатка созулган.
Камчыбек Кыдыршаевич: “Эли журтума өтө ыраазымын. Менин өмүрүмдү АЛЛАХым жана элимдин дубасы сактап калды. Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп беремин!” – деди.
Баарыңыздарга терең ыраазычылык.

Аргумент.kg