Камчыбек Ташиев: «Жоготуулар болгон жок, 11 аскер кызматкери жарадар болду»

Камчыбек Ташиев: «Жоготуулар болгон жок, 11 аскер кызматкери жарадар болду»

28-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Чек арадагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Фейсбукта түз эфирден билдирүү кылды.   Анын айтымында, жоготуулар болгон эмес.

«Он бир аскер кызматкери жабыркаган. Алар ооруканаларда. Чек арадагы окуя боюнча комиссия түзүлөт. Ал бардык суроолорду карап чыгат. Азыр чек арадагы абал салыштырмалуу турукташып калды деп айтсак болот. Төрт-Көчө аймагын биргелешип күзөтүүнү макулдаштык. Кырдаал толук көзөмөлгө алынды», — деди Камчыбек Ташиев.