Камчыбек Ташиев: Викрам Рузахунов террорчу эмес

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте 9-январда Казакстандын элчилигинин алдында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүп жаткан акцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барды.

УКМК жетекчиси Викрам Рузахунов террорчу эмес экенин айтты.

“Расмий кайрылуу бизге бериле элек. Бирок, мамлекеттик каналдардан көрсөтүп жатышат. Бул окуя бизге катуу тийди, биздин жаранды террорчулар катары көрсөтүлүшү.

Бул багытта биз азыр нота тапшырдык. Маалыматтарды жибердик. Ал музыкант. Эртең менентен бери Викрам Рузахунов тууралуу бардык маалыматты текшердик. Ал эч кандай башаламандыктарга катышкан эмес. Биздин атуулдарды террорчулукка айыптоо туура эмес”, — деди Ташиев.

Аргумент.kg