Камчыбек Ташиев: “Каптагаев каразгөйлөнүп баштады, мага тийишкендер оңбой калчу эле, эсиңе кел!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясатчы Камчыбек Ташиев кечээ, коронавирус тараган аймакка барып, эл менен жолугушуп, 20 миң даана бет кап таратып келген. Саясатчынын мындай кадамына айрымдар ыраазы болгону менен, “…мындай популизмдин эмне кереги бар эле, кооптуу аймакка барып келип, эми элди аралап жүрөт. Коопсуздук эрежелерин сактабайбы, Ташиевди карантинге жаткыруу керек” деп айтышты. Мындай пикирди Эмил Каптагаев дагы бышыктаган:
“Экс депутат Ташиев баш болгон топ Сузакта  беткап таркатып жүрүшөт, Жаратканга жаккан иш, ыраазы болсун дейли. Бирок, эми чукул кырдаалдын шарты боюнча Ташиев жана башкалар сөзсүз түрдө карантинге жаткырылууга тийиш, бул зарыл шарт!”-деген ал. Эми Каптагаевдин сын-пикирине Ташиев дагы тим калбай жооп берди:
“Каптагаев айтыптыр Ташиевди карантинге жаткызыш керек деп. Каптагаев өзү билет бекен карантинге кимдер, кайсыл учурда жатыш керек, кандай коопсуздук каралган. Же мурдагыдай эле Отунбаева, Атамбаев маалындагыдай чагымчылдык кылып жүрө береби? Элибиз кыйналып турганда баарыбыз биригип аракет кылып жатсак, бул болсо кабинетинен чыга албастан өзүнүн кара өзгөйлүгүн дагын баштады. Эсиңе кел Каптагаев, мага катылгандар оңбочу эле!
Урматтуу эл журт, бүгүнкү абалдан чыгуунун эң негизги шарты-бул мамлекеттик бийлик органдарынын ушул илдетке байланыштуу койгон шарттарын, тартиптерин кынтыксыз аткаруу. Буюруса,баары жакшы болот!”-деп КоомПресс билдирди.

Аргумент.kg