Камчы Көлбаев менен “Сакалды” чабыштырганы жатышабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күч органдарында кеп кызып баратат. Өздүк булагыбыз илгиртпей ийне-жибине чейин маалымат ыргытты. Мындай кырылыш бийликтеги айрым күчтөргө керек экен. Эмесе, кеп башынан болсун.

Алгач “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосуновду СИЗО №1ге которуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт. Атайын кызматтын адамдары аралашып атабы? Бул жигит “Вор в законе” да. Береги жайга барса кандай абал түзүлмөк? Соңунда акыл токтотуу менен “Сакалдын” жакындары ой калчашканы каңкууланды. Себеби, СИЗОго барса, “Дөө Чыңгыздай” токтоосуз өлтүрүлөрү божомолдонот. Анан даярдалган сценарий ишке ашпай калат.

Бул тармакта каныккан аткаруучу оперлер Улан Токтосуновду эркиндикке чыгаруу, Камчы Көлбаевге каршы коюу идеясын сүйлөшүп башташат. Экөөнү кагыштырууга кызыккандары кандай? Ансыз да ортолорунда түшүнбөстүктөр, “тоңгон муз” бар экени ырас. Ошол муздактыкты ого бетер күчөтүү, кайроо, кырдыбычак кырдаалды түзүү кимге кызык? Албетте, кызыкдар саясый күчтөрдүн копшолгонун каймана таризинде жайкап өтөлү. Жыйынтыгында, “Сакалды” Нарындагы түрмөдөн чыгарып, “аңчылыкка” коё беришсе, кандай аяктайт? Бир жагдайды эске алуу зарыл. Учурда Камчы Көлбаевдин командалык, каржылык ресурсу күчтүү. “Погон” тагынгандардын идеясы таш каап, баары теңирден тескери чыгып калсачы? Бул боюнча Улан Токтосунов деле анализ жасап, алардын тилине кирүүгө барбай койсочу? Айтор, суроолор көп. Аныгында, катаал дүйнөдөгү эки төбөл тең акыл токтотуп, ар бири өзүнчө кадамдарын эсептеп басышса керек. Кайсы бир күчтөрдүн жетегине кирүү өткөн чактын көрүнүшү эмеспи? Ооба, божомолдор, күмөн саноолор арбын…

А баса, эч кандай натыйжа чыкпаса, Камчы Көлбаевди камакка алуу аракети көрүлсөчү? (Акыркы вариант катары жоромолдонууда). Кескин түрдөгү мындай кадам кандай аяктайт? Айрым маалыматтар боюнча, эгерде Камчы Көлбаевди кармашса, анда түрмөдөгү 14 миң адам көтөрүлүп, чоң жалжалга от тутансачы? Дал ушул соболдун айланасында кеп кызып кетчүдөй… Эң башкысы, кайсы чөйрө болбосун, адилеттүүлүк, жигитчилик мыйзамы зарыл. Адам эмес, чымындын да укугу сакталышы парз!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg