Камактагы инисин смотрящийден коргойм деп бангизат ташып

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир тууган иниси үчүн салым катары баңгизат алып бараткан жаран
кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан республиканын түштүк аймагынан Бишкек шаарына кара куурай баңгизаттарын ташуу жана сатуу каналын жоюу боюнча атайын
операция ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, “Притон” рейдинин алкагында ыкчам материалдарды ишке ашыруунун жүрүшүндө 2022-жылдын 3-мартында Бишкек-Ош авто жолунун “Сосновка” постунда саат 20:15 чамасында “Киа-Рио” үлгүсүндөгү авто унаасын Н.А. аттуу жарандын башкаруусунда токтотулган. Аны менен чогу авто унаанын ичинде 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунда тургуну О.Т. аттуу жаран болгон.
Кароонун жүрүшүндө О.Т. атуу жарандын каршылык көрсөтткөндүгүнө
байланыштуу милиция кызматкерлери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбөө жана анын качып кетишине жол бербөө максатында авто унаанын алдыңкы жүргүнчү терезесин сындырып О.Т. аттуу жаранды кармашкан. Сырткы кийиминин сол колтуктун астында желим целлофанга оролгон кап табылган, анын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар 21 таңгак кочкул жашыл түстөгү заттар алынган, андан тышкары О.Т. курткасынын сол каптал
чөнтөгүнөн ошондой эле окшош белгилери менен 1 таңгак табылган.
Ал эми, Н.А. аттуу айдоочусун жана анын авто унаасын тинтүү учурунда эч нерсе табылган эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган О.Т. аттуу жаран алынган заттарды өзү жасагандыгы буга чейин ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалган инисине Бишкек шаарынын Тергөө абагында коргоп, тийишпөө үчүн “Смотрящийге” алып бара жаткандыгын аныкталган. О.Т. атуу жаранынан 22 таңгак өлчөмүндөгү алынган заттын жалпы салмагы 400 граммды түзгөн. Изилдөөнүн корутундусуна ылайык, алынган зат 393 грамм таза салмагы бар кара куурай чайыр (гашиш) баңгизат болуп аныкталган.
Кармалган О.Т. аттуу жаран Бишкек ШИИББнин Убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Аргумент.kg