Камак азабы: Асылбек Жээнбековго жасалган сылык мамиле Канатбек Исаевди кыйгап өткөндө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков камалганда көргөнбүз: коштогон орган кызматкерлери сылык мамиле жасашып, атургай эшигин да ачып беришип, колуна кишен салышпай, башкача урмат-сый көрсөтүшкөн. Түрмөдө эмес, курортто жаткандай элес калтырган эй! Мындай көрүнүш былтыр эле болгон…

Ал эми Канатбек Исаевге коркунучтуу кылмышкердей мамиле жасашты, эки опер бекем колтукташып, дегдеңдетип алышкандары кандай? Асылбек Жээнбековдон эмне айырмасы бар? Канатбек Исаев да парламент төрагасы катары иштеп, бир канча ирет депутат, фракция, коалиция лидерлигин да жетектеген. Мэр, губернатор болгон.

Кыскасы, мамлекеттик деңгээлдеги бараандуу ишмер, чоң саясатчы. Ал өзү козголгон кылмыш ишин тааныбай турганын, төңкөрүш, башаламандык кылуу чындыкка жатпай турганын айтууда.

Саясый куугунтук катары баалап атат. Кыскасы, эмне үчүн Асылбек Жээнбековго жасалган сылык мамиле Канатбек Исаевди кыйгап өттү? Башкасын жандыргыча, азырынча ушул суроого баш катыра тургула.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg