Калп айткан менен болобу, чынеле ошондойбу …?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кайсы-бир шайлоо болор астында түшкөн фото-сүрөт го өзү. Парламенттик шайлоо болсо керек. Берки пыланда желегин желбиретип, ат ойноткон Бабанов мырза келечекти көздөй ишенимдүү келаткандай. Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышында депутат болуп да иштеп көрдү. Андан ары секирип, премьер-министр да болду. Ал куттуу орундан ахалтекин беле же арап жылкысы беле, айтор жылкы баласынын «туягы» тийип кетип ыргыганын көпчүлүк унуталек.

Андан бери далай суу акты демекчи, ушул күздө боло турган ажо шайлоого Өмүкө катуу даярданып атыры деп угабыз. Калп айткан менен болобу, чынеле ошондойбу же андай эмеспи, өз оозунан укканыбыз жок. Катышкысы келсе, катышат да. Бул жагынан тыйуу жок. Бирок да, кызыкчылык үчүн пырагыраммасын угуп койсок, жакшы болот эле. Акчанын күчүнө салбай, акыл-эстин кудурети менен электоратты алса жакшы болот эле. Элди, жерди кантип бага турган пырагыраммасын шардана кылып койсо сонун болот эле дейм да.
Анан да, кечкеле ат минип сүрөткө түшө бербей, пил минип да сүрөткө түшүп көрбөйбү. Анткенинин себеби, аттын туягы кандай апасный экени эсинен чыгалек болуш керек. Бекеринен жылкы мүнөз деген ылакап калган эмес да. Кайра бир кайталап тээп жибербегейле деп чоочулап турганыбызды айтыватам.
Ал эми пилдин жөнү башка. Пил мөңкүбөйт, оңкубайт. Как чыкыйга теппейт. Алакачпайт. Зыянынан пайдасы толтура. Ушул жагын жакшылап бир ойлонуп көрсө, тыянагы жаман болбойт го деп ойлойбуз. Сиз кандай дейсиз?..
Сокбилек
Булак: Де-Факто

Аргумент.kg