Калмаматов абактан кайрылуу жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Камакта жаткан саясатчы Бактыбек Калмаматов анын атынан жалган билдирүүлөр таратылып жатканы тууралуу кайрылуу жасады. Калмаматовдун кайрылуусун адвокаты Мырза-Айым Камчыбекова жарыялады.

Калмаматов аны бийлик менен сүйлөшүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган экенин билдирген.

Саясатчы мыйзамсыз абакта отурганын жана ага карата каралоо жүрүп жатканын белгилеген.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук соту Калмаматовду 9-февралга чейин абакта калтырган.

Калмаматов 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.

Адвокат Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго Фейсбуктагы «Нур Азиз» аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. Калмаматов 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Аргумент.kg