Кайып Шер: “Министрден кечирим суратышты, эми Конгантиевдин арбагынан да кечирим сурашсын!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Кайып Шер мырза, 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүндө Талас шаарында аёсуз түрдө сабалган генерал Молдомуса Конгантиев ден соолуктун азабын тартып жүрүп жакында арабыздан кетти. Буга байланыштуу эмнелерди айталасыз?

— Жеке кызыкчылыкты көздөгөн саясатчылардын азгырыгына кирип, маңкурттукка малынган топтордун ошол күндөгү Молдомуса Конгантиевге жасаган кордугу, зөөкүрлүгү – эч бир акылга, мыйзамга, атургай кыргызчылыкка туура келбеген иш болду. Кыргыз өз баласына мындай шумдукту, кордукту эч качан жасаган эмес. Мындай мыкаачылыкты душман дагы жасабайт.

Кыргыз эли адамга тургай, кумурскага да зыянын тийгизген эмес. Жети миң жылдан бери келаткан наркында жерди аярлап, сууну да булгагабай келген. Колго түшкөн душманын дагы кор кылбай, аны бооруна тартып, калкалап, кыргызга сиңирип, эл кылып алган. Кадимкини сөз кылбай, кечээки эле кыргызды кырып, өз жеринен сүрүп чыккан калмактардын бир канчасы азыр биздин арабызда жашап жатышат. Алды Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик, кээлери Кыргыз Эл артисти жана башка ардактуу наамдарга ээ болушту.

Ата-бабалардын айкөлдүгүн карачы, сөөк өчтү душманды өлтүрмөк тургай, чекесине дагы черткен эмес. Анан эми ушул парасат менен Таластагы окуяга келсек, өтө осол иш болгонун аңдайбыз. Кыргыздын уулун кыргыздар өздөрү көк шишик кылып тепкилеп, кордук көргөзгөн. Ошол жерден кой-ай деген бир аксакал чыгып, “кыргыздын баласын тепкилебей, колунан гана байлап койгула, өз каалоосу менен министрликтен кеткен арызын жазсын!” дебегенине таң калам. Анан эле кээ бири мактанса Манастан оозанып, өпкөсүн ташка чабышат.

Эгер алар чыныгы Манастын урпагы болсо, мындай осол ишке бири дагы бармак эмес. Айрым ээнбаштардын ушундай кылык-жоругунун кесепети жалпы элдин бетине көө жаап, анан Кокондон келген Атамбаевдерге: “Таласта Манастын тукуму калган эмес, Абыке-Көбөштөр калган” деп сүйлөгөнүнө шарт түзүп берип жатат. Чындыгында эле кыргыздын баласын кордоо Абыке-Көбөштөрүн иши да. Бул жеткен жапайычылык. Муну көргөндө чындап эле биздин хан ордо турган куттуу Таласта Абыке-Көбөштөр калганбы деген ойго да аргасыз чулганат экенсиң.

Кыскасы, кут уялаган Таласта мүлдө кыргыздын ынтымагына доо кетирген өтө уяттуу окуя болгон, жүрөктөрдө так калган. Эми бул дарт өтүшүп, карт жарага айланып кетелегинде Таластын акылман аксакалдары жакын арада ийири отуруп түз кеңешип, “Саясатчылардын бийлик талашында балдар ачууга алдырып, кызуу кандуулукка жеңдирип коюптур.

Тирүүсүндө жетишпедик, эми арбагынын алдында кечирим сурайбыз” деп коюшса бойлору кичирейип калбайт, тескерисинче элдин бүтүндүгү, ынтымагы үчүн абдан жакшы саамалык болот. Же башка аймакта жашагандар кылган кылыгы эмес, сүйлөгөн сөзү үчүн да таластыктардан кечирим сурап, алар болсо кадыр-барктуу генерал Молдомуса Конгантиевди көк тулуптай сабаса дагы, анын азабын тартып жүрүп ал өлсө дагы курун мойнуна салбасын деген мыйзам барбы?

— Сиз ошондо, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кечирим сураганын айтып жатасызбы?

— Ооба. Канча жылдан бери бир дагы министр жасабаган ишти кылып, элдин көксөгөн мүдөөсүн аткарып жаткан министрди топтошкон балдар алка жакадан алышып, митинг өткөрүшүп, акыры кечирим суратышты. Мынча болгон соң эми өздөрү дагы акылга келип, о дүйнөгө узап кеткен генералдын арбагынан жалпы элдин алдында кечирим сурап коюшу керек.

Анткени, Молдомуса Конгантиев чыныгы кыргыздын уулу экенин тастыктады. Милицияда мыкты иштеди. Аны жалпы жамаат колдой турганын баарыбыз көрдүк. Эч кимди, элди да, жерди да, жетекчисин да саткан жок. Кийинки турмушта дагы мыкты сапатын көрсөттү. “Сени тепкилеген таластыктардан өч ал” дегендерге, “Мен таластыктарга нааразы эмесмин, саналуу кара ниет кишилер бар, аларды Кудайга койдум” дечү экен. Бул эмне деген эрдик! Кек сактабаган чыныгы кыргыздын даанышмандыгы эмей эмне?

Эми ошол кыргыздын улуу сапаты сабаган тарапта болбой калганы жанды кейитип жатпайбы. Бул жерде жалпы таластыктарды эмес, жеке ээнбаштар жөнүндө айтып жатам. Анткени, андагыдай жийиркеничтүү, денебойду калчылдаткан мыкаачылык миллиондогон адамдын канын суудай агызган немистерге да жасалган эмес. Мисалы, Ата Мекендик согушту карасак, Сталинградда немистин канкор фельдмаршал Паулюс колго түшкөндө чекесине да чертишкен эмес.

Ал гана эмес, колго түшкөн 60 миңдей немис аскер туткундары менен бир катарда генералдарын Москванын көчөсүнөн алып өткөндө, бирөө да таш менен урган эмес. Анан эми коомдук тартипти сактоо үчүн барган (эл чогулган жерге барып коомдук тартипти сактоо – милициянын мамлекет алдындагы милдети) милиция жетекчисин душманга кылбаган жорук менен тосуп алганы акылга сыяр көрүнүшпү? Мына ушундай жийиркеничтүү ишти жасагандар “Манастын урпагыбыз” деп айтканга акысы барбы?

Убагында Манас атабыз жаман ой менен баргандарды да сый-урмат менен тосуп алып, үстүнө үй тигип, алдына ат миңгизген. Өлтүрөбүз деп барган 12 ханды да сыйлап, “ошончолук эле күчүңөр ашып-ташып жатса жүргүлө” деп ээрчитип алып Бежинге карай жол тарткан. Эгер Манас атабыз азыр тирүү болуп, бул шойкомдуу окуяны укканда, жети өмүрү жерге кирмек.

Мына ушул окуялардан улам Кокондук Атамбаевдин айткандарына да кээде ынанып кетет экенсиң, ал бир курдай: “Манас бабабыз өлөр алдында Каныкейге: “Талас сага жер болбойт, таластыктар эл болбойт” деп Ташкентке качырган” деп дөөрүгөн эле.

Көп өтпөй Абыке-Көбөштүн тукумдары калганын айтып чыкты. Негизи, Манас атабыздын ата-журту, ал гана эмес, Кошой, Бакай, Акбалта, Эртөштүк, Чубак, Бокмурун, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал ж.б. баатырлардын мекени Сары-Кол болгон. Жакып, Ногой, Карахан, Бабур хандардын ордосу – ошол Сары-Колдогу Опол-Тоо. Ал азыр Тажикстандагы Мургабта.

Мунун баары эпосто так жазылган, мен бул сөзүмдү бүткүл кыргыздын алдында далилдеп бергенге даярмын. Буларды айтып жаткан себебим, Манастын айкөлдүгү менен духу азыр ошол жакта калган окшойт. Мургабдагы кыргыздар оор шартка, басым-кысымга карабастан, жерди сактап отурушат. Сары-Колдо жашаган кыргыздарды чыныгы Манастын урпактары десек жарашчудай.

— Сөзүбүздү Таластагы окуяга бурсак, негизи ал учурда идеологиялык күрөш болгон да?

— Кайдагы идеологиялык күрөш? Эмне ошол жеңүүчүлөр келгенден кийин жыргап кеттикпи? Бир ууч адамдын гана байышы үчүн шарт түзүп бергендигибиз ачыкка чыкпадыбы. Төңкөрүштөн кийин эч кимдин этеги эки болгон жок. Мисалы, Таласка Болот Шердин айткан сөзүнөн чыгалбаган, ага ынак мамиледеги К.Курманалиева губернатор болду. Ал эжеке элди жыргатпады.

Ага таластыктардын баары нааразы. 6-апрелде ал айым өз акчасына конистрлерге бензин сатып келип, облимаратты өрттөтүп, Роза апчеси президент болгондо аны калыбына келтирүүгө 30 млн акча кетирип, ремонт кылдырганы элдин эсинде. Бул үчүн жазага тартылбады. Атамбаев балдарына электр тармагындагы майталканды карматып, 2010-жылдан бери аларга 2 сом 16 тыйындан төлөп келдик, азыр да төлөп жатабыз. Андан жыйнаган акчага эки катындан төрөлгөн балдары кутуруп, азыр депутат болуп алышты.

Эң өкүнүчтүүсү, Атамбаев менен Бабанов биригип алып, Таластагы Жерүй алтын кенин орустарга итбекерге сатышты. Азыр анда 1 пайыз акциябыз жок. Эгер Таластагы кээ бир “баатырлар” чындап эле Манастын тукуму болсо, ошончолук эле намыстуу болсо, эмне үчүн алтын кени ит бекерге сатылып жатканда кыйкырып чыкканга жараган жок? Баягы, Молдомуса Конгантиевди тепкилегендер чыгып, Атамбаев менен Бабановду эмнеге сабаган жок? Чындыгында, Таластын башына каран түн түшүрүп, чыккынчылык кылгандар мына ушулар эле да.

Анан ушундай кылыгын көргөндөн кийин буларды Манастын тукуму деп айтканга ооз барабы? Бул накта Абыке-Көбөштүн иши да. Албетте, маңдай тер менен ак эмгек кылган карапайым адамдарга эч кандай жаман сөзүм жок. Чолпонбай, Чыңгыз чыккан элде уңгу бар, аларга таазим. Бирок, патриотбуз деген балдардын кылыгы жарашпай, же аларды тыйган киши чыкпай турганы өкүндүрүп жатпайбы.

Ошол “патриоттор” азыр каракчылык жол менен Жерүйдөн болор-болбос тыйын өндүргөнүнө кудуңдап, жанбагып жүрүшөт. Мына ушул идеологиялык күрөшпү? Көрсө, Конгантиев ушул шойкомду билип, Жерүй бекерге кетпесин деп, арам ойлуу саясатчылардын тилегин таш каптыруу үчүн барган экен да катыгүн. Аны түшүнбөгөндөр тепкилеп, карышкырларга шарт түзүп бериптир.

Баарыбыз күбөбүз, Убактылуу өкмөттөгүлөр бүт жыргады, байлыкка маарыды. Ар кимден тамеки сурап чегип, майтайган чокой кийип жүргөн чор тамандары азыр чириген байларга, алды олигархтарга айланышты. Аркы-берки катындан төрөлгөн балдар-кыздарына дүңгүрөтүп каз катары менен той өткөрүштү. Кан төгүлүп жаткан маалда резиденцияда туулган күндөрүн белгилешти. Морадерлук кылган партлидерлер балдар, кыздарын кызматка коюп, өздөрү да майлуу жерлерди ээлешти.

— 2010-жылдагы төңкөрүшкө сырттан чоң каражаттар келгени айтылып келет, мунун чындыгы барбы?

— 50 миллион доллар келип, анын 10 миллиону Таласка жумшалган деген сөздөр ошол маалда көп эле айтылган. “Державанын” тапшырмасы менен ал каражатты чыгарган Бельянинов кийин үстөгү менен кайтарып алды, ага кошулуп “Кыргызгаз” 1 долларга, Жерүй кени 1 пайыз акциясы жок берилди деген имиштер да калк арасына кеңири жайылган. Булардын баары кыргызга жасалган кыянаттык болду.

Өзбектер менен талашып-тартышсак дагы газды арзан алчубуз, азыр ошол эле өзбектердин газын дээрлик эки эсе кымбатка орустар сатып жатышат. Мындан сырткары, Атамбаев миллиарддаган кредит алып, кыргызды Кытайга карыз кылып кетти.

Душман дагы мындай ишти жасабайт. Мени таңкалтырганы, төңкөрүштөн кийин Жерүйдү итбекерге сатып, анан “таластыктарды Абыке-Көбөштүн тукумдарысыңар” деп шылдыңдаган Атамбаевден эч кимиси кечирим сурата алышпады. Министрди “кечирим сура” деп кокологондор эмне үчүн чыкпады?

— Ушул жерден бир суроо бере кетейин, бизде тепкилеген “хулигандар” эмес, тепки жеген генералдар, мамлекеттик мекемени кайтарган жоокерлер эмес, аны басып алган “мародерлор” баатыр боло берсе, акыр аягы жакшылыкка алып келеби?

— Биз мыйзамды сыйлабай калдык, мунун кесепети жаман болот. Мисалы, 2010-жылы 6-апрелде Конституциядагы милдетин аткарып Таластагы коомдук тартипти сактоо үчүн барган милиция, 7-апрелде Акүйдү кайтарган УКМК жоокерлери айыптуу болуп, жазага тартылды. Акүйдү коргогон Дуңганов деген адам дагы деле камакта болсо керек. Ал эми мародерлор баатыр болду. Негизи, Акүй №1 кайтарууда турган обьект. Ага мыйзамсыз кирүүгө болбойт. Мисалы, АКШ конгресине топтошкон эл чабуул жасаганда, аны кайтаргандар 5-6 кишини атып салды.

Бир дагы аскер кызматкери жазага тартылган жок, анткени мыйзамдагы милдетин аткарган. Демек, 7-апрелде дагы атайын даярдыктагы жоокерлер өз милдетин аткарып, ок чыгарган. Бирок, мен эртеден кечке ошол жерде жүргөм, көп сандагы киши өлгөн эмес. Төңкөрүштөн кийин Башкыпрокурор болгон Байболов дагы “Бакиев Акүйдөн чыгып кеткен маалда 15 эле киши өлгөн, калганы кайдан келди?” деп айткан. (Ошол 15 киши дагы көпчүлүгү артынан тийген октон каза болгон).

Булар өлүмдүн санын көбөйтүш үчүн Чүйдөгү моргдордон өлүктөрдү чогултканы ачыкка чыгып, эл арасында айтылып келет. Бир нечеси арматура менен чабалып, криминалдык разборкада өлгөн болсо, (арасында селсаяктары да болгон), бирөө тирүү болуп чыкты.

Эми ушул жерден Атамбаевдин Кой-Таштагы окуясын карасак, асман менен жердей айырма бар. Ал өз үйүнө куралчан адамдарды топтоп, мамлекеттин мыйзамдарына баш ийбей атышып, далайын майып кылып, бир жоокерди, УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбековду атып салды. Миңдеген адамдарды Атамбаев 1000, 2000 сомдон күнүнө төлөп үйүн кайтартты. Муну мыйзамсыз аракет деп бааласак болот.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Аргумент.kg