Кайынсиндимдин ар кимден төрөгөн балдарын багып тажадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуш курганыма 17 жылдын жүзу болду. Кудайга шүгур баары жакшы. Күйөөм камкор ата, кайын журт менен жашайм. Буга чейин өзум көп үй-бүлөдө чоңойгонго кайын журт менен жашаш мага жеңил эле болду. Беш балам бар. Кайненем жашы бир топко келип азыр төшөктө. Күйөөмдүн кичүү карындашы бар. Тактап айтканда үйдүн кенже кайынсиңдимдин жүрум турумунан тажалдым.  Беш жолу турмушка чыкты. Үч баласын мен балдарыма кошуп багып келем. Эми дагы ажыраштым деп беш айлык баласын таштап кайра шаарга кетип жатат. Мен жалгыз тогуз бала менен карыган кайненени кароого жетишпейм. Физикалык жактан эч нерсеге жетишпей калдым. Күйөөм жалгыз иштегенде балдардын кем карчын алып бере албай калат. Экөөбүз иштейбиз. Улуу кызым кайненемди карап балдарды кошо карайт. Акыркы кезде кайынсиңдим кызымды балдарымды жакшы карабайсын деп мен жокто чачтап сабаптыр.  Эми анын беш айлык баласын да кызым экөөбүз карамак белек. Бага албаса башкага берсин десем беш балаңды алып сен кетсең агама катын алып берем ал карайт дейт. Эмне кылышты билбей калдым?

Аргумент.kg