Кайынэнем мага атаандашып,мен жашмын деп абысындай мамиле кылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айымдардын  кенешине  абдан муктажмын, чыгарып берип коесузбу.Турмушка 19жашымда  чыккам, 3 жыл болду. Кайын-журтум түндүктүк, өзүм түштүктүн кызымын. Колунда жок адамдар эле, баарына көз жумуп жашап келе жаттым. Ушул үйгө сиңип кетейин деп, муздак сууга палас жууп, идиш жууп, кирин жууп келе жаттым. Күйөөгө тие элек кайнежем бар, кайнэнем экөөбүздүн орттобузда түшүнбөстүк болуп кетсе, кийлигишип турчу, акыры кайнэнем экөөбүздүн мамилебизди бузду. Төрөдүм, бала каралашчы эмес. 3-курста окучумун, сессияларга гана чуркап, бүтүрчүмүн, башка күндөр үйдө эле болчумун. Баланы карап беринизчи, окууга барып келейин десем, баланды мага милдет кылба, өзүн үчүн туугансын, окусан да, иштесен да өзүн үчүн деп кагып салчы. Кийим алып бергилечи десем, жыланач калдын беле деп кагып салчы. Көрсө кайнэнем мага атаандашчу экен, мени көрө алчы эмес экен. Мага абысындай эле мамиле кылчы. 5жашта баласы бар, менин балам, сенин балан деп бөлүнчү. Чоң эне боло турган убагым келе элек, али жашмын, боёном, кийинем деп. Колунда жок болгону аз келгенсип, карангы адамдар экен. Кайненемдин акылы кыска, тарбиялары жок, кайнэжем ата-энесин кагып-силкип салат. Кайнэнем оозу тынбай кайнатам менен айтышат. Менин буларга таң калганым түгөнчү эмес. Булар менен жашай албайт экенимди түшүнүп, күйөм Москвадан келгенде, бөлүнүп жашайлык деп бөлүндүк. Күйөм жалкоо, жумуш тандайт, бага албай койду, өзүм кыштын суугунда, баламды эмчектен чыгарып, өзүмдүн апама таштап базарга чыкчуумун, акчамды күйөөм алып койчу. Анда да акча жетпей, кыштын күнүндө аябай кыйналдык, күйөм үй оокаттарына такыр жок, үйдө от жагылбай, терезелер кагылбай, үй суук эле, өзүмдүн апам бала бул үйдө жашай албайт деп алып кетип калган. Апам үйгө продукты, кийим-кече, баарын ташычы. Кайын-журтумдан 1 сом жардам жок, тескерисинче өзүнүн баласын бизге таштап кетчү. Ортобузда көп уруш чыгып, акыры ата-энемдин үйүнө кетип калдым. Азыр болсо ата-энем жашабайсын деп атат, күйөөм кайра жарашалык, башыма таш тийди, эми бары жакшы болот деп атат, Москвага кетти,эми мени чыкырып атат. Эмне кылаарымды билбей отурам.Түндүк, түштүк кошулса, абдан кыйын экен, эки жактын салттары, түшүнүктөрү дал келбей. Анан дагы мени сарт деп бөлүшчү.

Булак :Аргумент кж

Аргумент.kg