Кайын журтунун «селсаяк» деп басмырлоосуна чыдабай 5 балалуу келин асынып каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен райондук соту өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү боюнча айыпталган 3 жарандын жазык ишин карап чыгып, өкүм кабыл алды.

Базаркан (аты өзгөртүлдү) 1952-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган, билими орто, 5 баланын апасы, пенсионер. Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен айыпталууда.

Айна (аты өзгөртүлдү) 1980-жылы Баткен районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, 6 баланын апасы, эч жерде иштебейт. Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен айыпталууда.

Аксана (аты өзгөртүлдү) 1987-жылы Баткен районунда туулган, билими орто, 2 баланын апасы, эч жерде иштебейт. Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Базаркан, кыздары Аксана (аты өзгөртүлдү) менен Айна (аты өзгөртүлдү) 1985-жылы туулган келини Бүсайраны (аты өзгөртүлдү) басмырлап: «Сен селсаяксың. Бул үйдө жашаганга акың жок. Балабызга сулуу, бай кыз алып беребиз» деп жакшы жашоого мүмкүнчүлүк бербей, күнүмдүк жасаган ишинен кынтык таап, чыр чыгарып, катаал мамиле жасап жүрүп, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиришкен. Тактап айтканда, Бүсайра 2021-жылдын 17-июнуна караган түнү короодогу бактардын бирине асынып, каза болгон.

Анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, механикалык асфиксиянын (аба жетпей тумчугуу) кесепетинен каза болгону аныкталган.

Ошондой эле Бүсайранын чөнтөгүнөн алынган эки барактагы катка карата соттук кол жазма экспертизасы дайындалып, кат маркум тарабынан жазылганы аныкталган.

Соттук отурумда айыпталуучу Базаркан күнөөсүн толугу менен мойнуна албай, төмөнкү маалыматтарды билдирген. 1984-жылы туулган уулу Эрмек (аты өзгөртүлдү) менен келини 2006-жылы баш кошкон. Андан бери Бүсайра менен жаман мамиледе болгон. 2021-жылдын 26-майында Ош шаарында жашаган сиңдисинин үйүнө кетип, 16-июнь күнү Баткен районундагы үйүнө кайткан. Ошондо келини Бүсайра ага: «Үйдөн чыгып кет. Мен сенин балаң менен тиричилик кылып жашап жатам го» деген. Базаркан өзүнүн үйүнөн анча алыс эмес жашаган кызы Аксананы чакырып: «Бүсайра менен элдештирип койгула» деген. Андан кийин Баткен шаарында жашаган кызы Айнага телефон чалып: «Бүсайра мага сүйлөбөй койду. Келип, бизди элдештирип койгула» деп аны да чакырган. Ошол эле айылда жашаган кайын инисине телефон чалып, аны да чакырган. Саат 20:00 чамасында кыздары Аксана менен Айна, алардын артынан эле кайын иниси менен анын жубайы келишкен. Базаркан алар менен чогуу үйгө киргенде Бүсайра аларды жакшы маанайда тосуп алып, баары менен учурашып чыккан. Анан келини жер төшөк салып жатканда Айна менен кайым айтышып, чачын жулуп салган. Аларды арачалоого кайын иниси аракет жасаган. Базаркан дароо уулу Эрмекке телефон чалып: «Бүсайра менен Айна урушуп жатат. Үйгө кел», — деген.

Кайын иниси маркум менен Айнаны ажыраткандан кийин баары кайра эле күлүп, сүйлөшүп калышкан. Андан кийин келини сыртка чыгып кеткен. Базаркан анын артынан чыгып караса, балдарына төшөк салып жаткан. Саат 21:30 чамасында Бүсайранын апасы, туугандары келип: «Эмне болду? Бизди Бүсайра чакырды» дешкен. Базаркан маркумдун апасына болгон окуяны айтып берип, келини аны менен айтышарын, ага жакшы тарбия берилбегенин билдирген. Кудагыйы кызына болушуп, ортодо кайым айтышуу орун алган. Андан кийин саат 22:30 чамасында уулу Эрмек келген. Ал кайын журту менен учурашып, аялын сураган. Базаркан ага: «Балдарына төшөк салып жүрсө керек» деген. Уулу Бүсайрага телефон чалып, бирок келини телефонго жооп бербегендиктен кайын агалары менен бирге аны издеп башташкан. Базаркан өзү кошуналарынан сураштырган. Андан кийин уулу Бүсайраны өрүк бакка асынып алган абалда тапкан.

Айыпталуучу келинин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген эместигин, бул жерде анын күнөөсү жок экенин, ал эми маркум катында аларды күнөөлөп жазганы ага түшүнүксүз болуп жатканын айтып, соттон адилеттүү чечим чыгарып берүүнү сурады.

Соттук отурумда айыпталуучу Айна күнөөсүн толугу менен мойнуна албай, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 16-июнь күнү усталарына тамак берип жаткан. Саат 17:00 чамасында апасы телефон чалып: «Үйгө кел. Келиним Бүсайра мени менен кайым айтышып жатат», — деген. Макул болуп, такси чакырып, айылга барган. Анан апасына телефон чалып, каякта экенин сураган. Ал сиңдиси Аксананын үйүндө экенин айткан. Айна сиңдисинин үйүнө барганда апасы: «Мен үйгө бара берейин. Уулум үйгө келгенде барасыңар» деп кетип калган.

Бир аз убакыттан кийин Айна сиңдиси менен инисинин үйүнө барган. Алардын артынан акеси жана жеңеси келген. Анан келини жаңы курулган бөлмөгө жер төшөк салып, апасы Базаркандын улутун жамандап баштаган. Ошондо Айна жинденип: «Келин, оозуңа карап сүйлө. 5 балалуу болдуң. Ушул сөзүңдү таштабай койдуң» деп кыйкырган.

Бүсайра: «Ишиң болбосун» деп атырылганда экөө чачташып кетишкен. Аларды акеси ажыраткан. Ошону менен экөө эки жакта, Айна диванда, келини акеси менен жеңесинин ортосунда отурган. Айна көйнөгү айрылып кеткендиктен башка бөлмөгө кирип, көйнөгүн алмаштырып чыккан. Бир маалда Бүсайра унчукпай, сыртка чыгып кеткен. Андан көп өтпөй, келининин апасы менен атасынын бир туугандары, кудагыйынын иниси келген. Аларга болгон окуяны айтып, келининин туугандары ага телефон чалышкан. Бирок телефонго жооп бербегендиктен баары Бүсайраны издеп башташкан. Түнкү саат он экилерде иниси Эрмек бактар жактан кыйкырганын угуп, Айна ошол тарапка барган. Ал жактан Эрмек аялынын денесин кучактап алып, ыйлап отурганын көргөн.

Айна бул окуяга чейин келини менен бир да жолу урушпаганын, келинин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген эместигин, бул жерде анын күнөөсү жок экенин, ал эми маркум катында аларды күнөөлөп жазганы ага түшүнүксүз болуп жатканын айтып, соттон адилеттүү чечим чыгарып берүүнү сурады.

Соттук отурумда айыпталуучу Аксана күнөөсүн толугу менен мойнуна албай, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 16-июнь күнү саат 20:30 чамасында талаада иштеп, үйүнө келсе, апасы Базаркан үйүнүн алдында отурган. Аксана: «Эне, тынч элеби? Эмне үчүн бул жерде отурасыз?» десе, энеси: «Бүсайра мени үйдөн кубалады» деген. Аксана үйүнө кирип, апасына тамак бышырып берип, талаага картошкага суу койгону сыртка чыкканда эжеси Айна келген. Аны менен учурашып, үйгө чогуу киришкен. Апасы кайын иниси дагы келе жатканын айткан. Андан кийин азан башталганда, апасы: «Сериалым башталды» деп үйүнө кеткен. Көп өтпөй эжеси экөө дагы инисинин үйүнө барышкан. Алардын артынан акеси менен жеңеси келишкен. Бүсайра аларга салкын бөлмөдө жер төшөк салып жатканда маркум улут жөнүндө жамандап баштаган. Ошол маалда Аксана сыртта балдар ызылдап жаткандыктан аларга барып, кайра үйгө кирген. Ушул учурда эжеси менен жеңеси чачташып жатышкан. Аларды акеси менен жеңеси ажыратып калышкан. Ошону менен отуруп, Аксана: «Ынтымакта жашайлы, ортодо 5 бала бар» десе, Бүсайра: «Сен сүйлөбө, сенин сөзүң өтпөйт. Сен ажырашкансың» деген. Анда Аксана: «Ажырашуу баарында эле бар. Өзүңүз дагы ажырашып эле тийгенсиз… Сиз ажырашпайсыз, ортодо 5 бала бар» деп ыйлаган. Андан соң акесинен жеңесине жакшылап насаат айтып коюуну суранган. Ошол учурда жеңеси сыртка чыгып кеткен.

Аксана андан кийин кудайыгы туугандары менен келип, ортодо кайым айтышуу болгонун, жеңесин таппай, аны издешкенин, акырында анын жансыз денеси табылганын кошумчалады.

Ал жеңесин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген эместигин, бул жерде анын күнөөсү жок экенин, ал эми маркум катында аларды күнөөлөп жазганы ага түшүнүксүз болуп жатканын айтып, соттон адилеттүү чечим чыгарып берүүнү сурады.

Соттук отурумда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Адолат аты (өзгөртүлдү) иш боюнча төмөндөгүдөй көрсөтмө берди. Кызы Бүсайра 2006-жылы Баткен районунун 1984-жылы туулган тургуну Эрмек менен турмуш куруп, 2 уул жана 3 кыздуу болушкан. Кызы биринчи кызын төрөгөндөн кийин күйөө баласы: «Кызыңыз менен жашабайм» деп, үйүнө таштап кеткен. Арадан 3-4 айдан кийин кызынын кайын атасы ыраматылык кудасы менен сүйлөшүп, кайра алып кеткен. Мындай окуя көп кайталанып келген. 2020-жылы октябрь айында кызынын кайын сиңдиси Аксана Москва шаарынан келип, Бүсайранын үй-бүлөсү менен чогуу жашап жүргөн. Ошол учурда жаңы курулган эки кабаттуу үйдө Аксана Бүсайрага: «Бул үйдө мен жашайм. Сен жашабайсың» деп уруш чыгарып, маркумга үстөмдүк кылып келген. 2020-жылдын ноябрь айында кызы Бүсайра үйдөгү уруш-талаштын айынан ооруп, ооруканага жатып калган. Адолат кызын бейтапканадан өзүнүн үйүнө чыгарып барып, баккан. Ошол маалда күйөө баласы эжесинин турак үйүн оңдоп-түзөп, карындашы Аксананы 2 баласы менен ошол үйгө көчүрүп барган. Андан кийин Эрмек Бүсайраны алып кеткен.

2021-жылдын 16-июнь күнү саат 22:00 чамасында кызы телефон чалып: «Эне, тезирээк биздин үйгө келиңиз. Бул жакта жашоо болбой калды. Сөзү өтүмдүү акелеримди кошо алып келиңиз. Булар бизди селсаяк деп, селсаяктардан келин албаш керек деп жатат. Кайын сиңдим менен кайын эжем мени ур-токмокко алып жатат», — деген. Ошентип Адолат туугандары менен кызынын үйүнө барып, кызын издеп, акыры анын жансыз денеси табылган.

Адолат соттон кызы бул айыпталуучулардын айынан өзүн-өзү өлтүргөнүн, толугу менен күнөөлүү экенин айтып, аларга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.

Базаркан, кыздары Аксана менен Айна Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 4 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде Базаркан, кыздары Аксана менен Айнага карата 2 жылга пробациялык көзөмөл колдонулуп, белгиленген жазадан бошотулду.

Алардан мамлекеттин пайдасына процесстик чыгым — 2500 сом өндүрүлмөй болду.

Булак: «Турмуш.кж» сайтынан алынды

Аргумент.kg