Кайын энем алып кетип калган келинчегимди кантип кайтарсам болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы! Чыгарып берип коесуздарбы! 29 жаштамын, Нарын шаарынан боломун. Келинчегим экөөбүз баш кошконубузга 4 жыл болуп калды. Ортодо уулубуз бар. Эл катары жашообуз жакшы күндөр менне өтуп жатты. Ортодо түшүнбөстүктөр болду. Ансыз болбойт да. Ошентип энем менен жубайым каяша айтыша башташты. Өзүнчө бөлүнүп кетип калайын десем, ата-энем дагы жаш эмес. Муну сүйүктүүмө түшүндүрүп жүрдүм. Күндөрдүн биринде үйгө келсем кайын энем келип алып кетип калыптыр. Чалсам албады, артынан барсам кайын агам «жиндери тарасын бара бер» деп жолго салды. Үйгө келип эмне болду десем «билбейм сонун эле чай ичип жатсак, кайын энең келип ар сөздү айтып сүйрөп кетти» дешет. Ишенбестен кайра кайра чалып, жазып жаттым. Телефонун өчүрүп ошону менен жок болду. Түнү кирерге тешик таппай таң аттырдым. Телефонумду алсам смс жазып койгон экен жубайым. «Мени унут, сен жакшы баласың мен сени менен жашабайм кечир.» Чалсам өчүк, бүт социалдык тармактан блок кылып койгон экен. Ата-энеме «мен иш менен 5 күнгө үйгө келбейм» деп калп айтышка туура келди. Ошол бойдон Москвага келип азыр кулагым тынч, уруш-талаш жок. Бирок үй-бүлөбүздү сагындым. Келгиле өзүбүзчө эле жашайлыкчы десем келгиси жок, же мага сабак кылайын деп жатабы түшүнбөйм. «Менде сага көнүлүм жок» дейт. Ортодо уулубуз болбогондо мен деле макул деп кое берет элем. Эмне кылышты билбей жаткан кезим. Силердин сайты угуп калып жазышты туура көрдүм. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg