Кайын атама 14-февралды майрамдабайбыз десек, мындай деп үйдөн кууп чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм экөөбүз быйыл күзүндө баш коштук. Азыр айылда ата-энебиздин жанындабыз. Буйруса жазга жакын шаарга кетебиз. Айыл сонун экен. Мага жакты. Шаардын ызы- чуусунан тажаганым, ушул жакка келгенде билинди. Шашпай ойгонуп, жуунуп, сарай жакка жөнөйм. Тооктун жумурткасын чогулткан жагат. Мен чогултуп келем, кайын энем куймак жасайт. Күйөөм от жагып, муздай түшкөн үйдү жылытат. Кайын атам малга жем-чөбүн берип, Балтекти эркелетип, анан үйгө кирип келет. Чогуу отуруп ысык куймак менен сүт чай ичебиз. Бул жактын тамактары дагы укмуш экен. Кайын энем сонун аял. «Кызым, сенин башка турмушта чоңойгонуңду билем, жаныңды кыйнабай эле кой. Сен эс ала бер, же жөн гана жанымда жүр. Кара жумушту мен эле жасап коем.» Жанына алып ар нерсени айтып берет. Кызыктуу окуялары толтура экен. Ишенесиңерби, айылга келгенден бери инстаграмга кире элекмин, киргим дагы келбей калды. Кайын энемдин окуяларынан өтөрү жок. Бүгүн 14-февраль. Күйөөм экөөбүз мантыга эт туурап отурсак, кайын атам чуркап келди. — Ай, радиодон бүгүн сүйүү майрамы деди. Силер эмне үйдө отурасыңар. — Ата, аны майрамдабайбыз. Сырт дагы суук. Үйдө эле отуралы деп чечтик. — Башымды оорутпагыла. Үй-бүлө ушундай кичинекей майрамдарды майрамдап, өзүнчө салттарды пайда кылганда гана бекем болот. Майрамдабайбыз деп, тим эле буларды кара. Ооба, бул сүйүүнү дагы бир жолу билдирип коюш керек болгон бир дата. Бирок, бул күндү, башка күндү дагы салт кылып алсаңар, ортоңордогу жакындык чоңоет. Сырт суук деп үйдө отура берсеңер, кийин бири-бириңерден тажап, сүйүүңөр жоголот. Кана силерде кандай салт барбы? Жок, экөөң тең ойлоп тапкан жоксуңар. Анан урушасыңар, анан эмне болорун билесиңер. Тур, майрамдап келгиле. Бар үйдөн чыккыла. Тур, жоголгула көзүмө көрүнбөй. — Ата сиз өзүңүзчү? — Мен сага караганда жашмын. Апаңа таң эрте туруп жоолук берип койгом. Күйөөм өчтү. Экөөбүз ээрчишип үйдөн чыктык. Кайда барарыбызды деле билбейбиз. Анан күйөөм айылдагы дөңсөөгө алып жөнөдү. — Кел, бул биздин бир салтыбыз болсун. Ар жылдын 14-февралы ушул дөңсөөгө келип, ип, табиятка суктанып кетебиз. — Мен макулмун. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg