Коом

Кайын атам менен сүйлөшкөндөн кийин кызын азырынча албай турайын дедим

Мен кооздоп жазганды деле билбейм.
Ошондой эле, мендей болгула деп үндөбөйм.
Болгону элден калбай өз баяным менен
бөлүшө кетейин дедим. Бул окуя көп жыл
мурун болгон. Азыр муну оор басырыктуу, үч
баланын атасы жазып жатат.
Жаштык кез. Кызыл кандуумун. Аркы-
беркини ойлобой эле чечим чыгарган
жигитмин. Достор көп. Сабактан чыгып
алып парк аралайбыз. Же бирөөбүздүн
үйүбүзгө барып карта ойнойбуз. Кыскасы,
убакыттты текке кетирмей.
Жатаканада жашаган бир досумдун туулган
күнүнө бардым. Анан Айперимди көрүп
калдым. Башында тийишип, улам бөлмөсүнө
барып тажата бердим. Акырында аша чаап
кеттим окшойт, ыйлап жиберди.
Ишенесиңерби, ошондо колдорум титиреп

коркуп чыктым. Кечирим сурап, чуркап

басып кеттим. Туулган күн кандай өткөнүн
деле билбейм. Оюмдун баары Айпериде.
Эртеси университеттен издеп таптым.
Кечирим сурап коеюн дегем. Антпесе уйкум
качты. Мени көрүп шап артына бурулуп
басып кетти. Чуркап жетип бардым. Атайын
алган шоколадымды сунуп, кечирип сурап,
экинчи тынчын албай турганымды айттым.
Башымды жерге салып эми кетейин десем
«токтоңуз» деди. «Кечээ көңүлүм жок болчу.
Анын үстүнө тамашаңызды көтөрө албай,
ыйлап жибердим. Бирок, колдоруңуз
титиреп чыкканын көрүп өзүм жаман болуп
кеттим. Кечирдим. Көп кабатыр болбой эле
коюңуз» деди. Мен аны сүйүп калдым.
Жылмайсам жылмайды. Ошентип
махаббтын туткунуна түштүм.
Эми сабактан чыгып алып досторума эмес,

Айпериге барам. Экөөбүз сейилдейбиз.

Балмуздак жейбиз. Киного барабыз. Айтор,
бири-бирибизди катуу сүйүп калдык. Баш
кошобуз деп чыктык.
Айылдагы апам менен атама айттым. Экөө
тең каршы чыгышты. Жок, Айпериге эмес,
жаштыгыбызга. «Эми эле окууга
тапшырдың, жумушуң жок, кайда, кантип
жашайсыңар, биздин пенсия жетпей калат
го уулум.» Сүйүү мени дүлөй кылды. Болбой
көөшөрүп тура бердим. Анан кайын атамды
көргөндө эсиме келдим.
Айпери турмушка чыгарын айтса, атасы
мени менен жолугууну каалаптыр. Атайын
айылдан келиптир. Таң эрте туруп ак
көйнөгүмдү кийдим. Толкунданып бир
башкача болдум. Анан белгиленген кафеге
бардым.

Мындай мээримдүү, ошол эле учурда сүрдүү

кишини биринчи жолу көрүшүм. Учурашып,
отур деди. Биринчи тамакты буйрутма
кылып жедик. Окуумду сурады. Студенттик
жашоомду сурады. Той жөнүндө эч кандай
сөз кылбады. Анан өз жашоосун айтып
берди.
«Айперинин апасына үйлөнгөндө жаш
болчум. Силерден дагы. Экөөбүздүн тең ата-
энебиз кары адамдар. Жашаганга жер жок,
жумушубуз жок, кыскасы аябай кыйналдык.
Айперинин эжеси төрөлгөндө
кыйынчылыктарыбыз эки эсе көбөйдү.
Окуубузду таштап, кара жумушка кеттик.
Карыган ата-энелерибизди кыйнап
балабызды бердик. Билесиңби, көр турмуш
сүйүүбүздү кайдадыр бекитти.
Кыздарыбызды жакшы кийинте албадык,
ичинте албадык. Бат карыдык. Убакыт

кантип өткөнүн билбедик. Бутубузга туруп

эле көзүбүздү ачсак жаштык өтүп кетиптир.»
Ойлуу көздөрү менен колундагы чынысын
кармалады. Бир аз сүйлөшүп отурдук. Анан
кайын атамды айылга салып жибердим.
Үйгө барып потолокту тиктеп ойлонуп
жаттым. Туруп тапшырмамды даярдай
баштадым.
Окууга башкача көңүл бура баштадым.
Досторум менен көп жолукпай калдым.
Сабактан кийин жумуш таптым. Тытынып
иштеп да жаттым, окуп да жаттым.
Университетти бүткөндө дароо жумуш
чыкты. Топтогон акчаларыма жер алдым. Үй
салдым. Бул аралыкта Айперимден кол
үзбөдүм. Ал дагы окуусун бүттү. Жумуш
тапты.
Ата-энелерибизден бир тыйын албай той

бердик. Төртөөнү сыйлап төргө отургуздук.

Баталарын алып, кол кармашып жаңы
жашоого багыт алдык.
Бир учурда кайын атама жолугуп, анын
айткандарына терең маани бергениме
сүйүнөм. Кайын атам менен күн алыс
сүйлөшүп турабыз. Кеңешин укканды
жактырам. Убагында мага чоң сабак
болгонун айтсам, «кеп менде эмес, сенде
уулум» дейт. Өзүм менен сыймыктана
жылмаям.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *