Кайын атам менен кайын энемден жүрөгүм айланат

Кайын атам менен кайын энемден жүрөгүм айланат

02-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Мен кичүү келинмин, жолдошумдун жумушу шаарда болгондуктан тойдон кийин эле келе бергенбиз. 3 балам бар, кудайга шүгүр. Кайын атам менен кайын энем кээде биздикине конок болуп келип турат. Ошол убакта мен жүдөп, жүрөгүм сыгылып, башкача эле боло берем. Мындайча айтканда көңүлүм айныйт. Себеби алар жыттанып кеткенсийт. Жакшынакай болуп кийинип да алышпайт. Мени жаман көрүп калбасын деп жолдошума апалары жөнүндө эч нерсе айтпайм. Болгону ичимден эле аларды эч жактырбай койдум.

Учурда дагы биздикинде бир жумадан бери жүрүшөт же кетейин дебейт. Бул жака келип жатканда ал жактагы келини жакшынакай кийинтип койсо болот да, туурабы? Анысы да буларга окшогон жүдөө, ошон үчүн кайын ата менен кайын энени карабайт окшойт.
Интернет булактарынан алынды