Кайын атам болбосо тойлорго бара албай үйдө камалып отура бермекбпиз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Жашсыңар, элден калбагыла» деп ар дайым чакырган жерге жөнөтөт — Ата, памперси бул жерде, боткосу мына, кайнак сууга салып туруп бересиз, сүтү муздаткычта. — Билем, билем, тур жөнөй бергиле, кечигесиңер. — Чоң рахмат ата! — Ай, эмне рахмат айтып жатасың, акыры өзүмдүн неберем го.Баары эле силерге өздөрүнүн кайын-журтун мактап жазышат. Мен деле алтындай болгон кайын атам жөнүндө айтып бергим келди. Ишенбесеңер ишенбей эле койгула, бирок мындай адамдар сейрек кездешсе дагы бар. Кайын атам мага салыштырмалуу балдарымды жакшы карайт. Көтөнүн жууп, алдын заматта кургактап, сүтүн берип, курсагын тойгузуп, уктатып коет. Өзгөчө коляскасына салып алып көчө кыдырганды жакшы көрөт. Күйөөм экөөбүз бир нерсе болсо дароо атама чалабыз. «Ата, ичи катып жатат, эмне кылалы», «ата, жөтөлүп калыптыр», «ата, температурасы түшпөй жатат» ж. б. Шашпай отуруп алып баарын түшүндүрүп берет. — Койчу ай, чындап эле балдарыңды кайын атаңа таштадыңбы? — Ооба, анын эмнеси бар экен? — Баары бир ишенген жокмун. Жанында каралаша турган адам барбы? — Жок, кайын атам өзү эле карайт. Той-топурга ээн-эркин барып келем. Курбуларым «балдарыбыз ыйлап калды» деп той ортологондо эле шаштылары кете баштайт. А мен жайбаракат жүрө берем. Анткени кайын атама эки жүз пайыз ишенем. Үйгө барсак уктабай бизди күтүп отурган болот. Чогуу отуруп алып тойдон алып келген кешиктерди жейбиз. Бир күн кечке болгон балдарыбыздын кылыктарын айтып берип боорду эзет.Кайын атам болбосо күйөөм экөөбүз балдардан чыга алба.Кайын атам болбосо күйөөм экөөбүз балдардан чыга албай үйдө камалып отура бермекпиз. «Жашсыңар, элден калбагыла» деп ар дайым чакырган жерге жөнөтөт. Кээде «жакын арада тоюңар барбы, неберелеримди качан таштап кетесиңер» деп өзү чалып калат. Балдарым дагы чоң атасына аябай жакын. Көчөнүн башында бизди күтүп турганын көрүп, машинадан түшүп чуркап барышат. Мирлан Баековдун «Неберем» деген ырын билсеңиздер керек. Балдарымды алдына отургузуп алып ошону ырдап отура берет. Аны көрүп алып көзүмдөн жаш агат. Ата, сизге абдан ыраазымын. Ушу неберелериңиздин, биздин маңдайыбызда күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Күн сайын кудайдан сиздин өмүрүңүздү тилейм. Булак:bilesinbi.kg

Аргумент.kg