Кайын агам жеңемди жоготкондон кийин эмнеге үйлөнбөгөнүн айтып ыйлатты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Могу кара торулар үчүн» деп терең үшкүрүп, жанындагы төрт жашар баласынын чачын жыттап койду. Келинге идиш жуушкан кайын аганы көрдүңөр беле? Меники ошондой. Жаңы келин болуп келген күнүм. Коноктун аягы көрүнбөйт. Айылдагы времянканын баары идиш. Чоң үйдөн ташып эле алып келип жатышат. Идиштин дагы аягы көрүнбөйт. Күйөөм эттен бошобойт. Чуркап келип терезеден мага кол булгап, кайра кетип калат. — Тур, эшикти ил дагы, кичине «тук» этип уктап ал. Мен идиштериңди жууп коем. — Тим эле коюңуз, уят байке. — Колуңду эс алдыр, териң түшүп калат. Тур, жатып уктап ал, жарым саат азыр коноктор сыртка чыгышпайт. Идиш жууп отурсам кайын агам кирип келди. Кичине көзүм илинип кетиптир, турсам идиштердин баары жуулган. Кайын агам тряпканы катуу сыгып, жайып жатыптыр. Үй иштерине эптүү эркекти биринчи жолу көрүшүм. Менин байкелерим, инилерим, идишке тамак ичкени гана колдору тиет. Анан дароо качып жөнөшөт. Экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Идиш жууганды кайдан үйрөнгөнүн сурадым. «Жеңеңе жардам берип жүрүп көнүп кеттим. Алтыным, көп ооручу.» Терең үшкүрүп койду. Көзү жашылданып чыкты. Үч баласы менен жалгыз турарын билгенде аябай жаман болгом. — Сен менден качан үйлөнөрүмдү же эмнеге. үйлөнбөй жүргөнүмдү бир дагы жолу сурабадың. Ошон үчүн жагып калдың. Элестет, туугандарды бери кой, бейтааныш бирөөлөр мага аял издеп кууратышат. Мен алардан сурансам бир жөн. Жаратыма туз сээп жатканын билишсе кана. Менден башка, мага канткенде жакшы болорун эч ким билбейт. Кеңеш бергендерге ушуну түшүндүрө албай убарамын. Жеңем мен келгенге чейин каза оорудан каза болуптур. Кайын агам экөөбүз куурдакка картошка аарчып отурганда ал аял тууралуу көп нерсе уктум. Ушунчалык жакшы көрөрүн билдим. Өмүрү ал аялды көрбөсөм дагы, күйөөсүнүн сөзүнөн эле мыкты инсан болгонун билдим. — Аялым каза болгондон кийин, үч баламды туугандарым кагып-силкип жатканын көрүп калгам. Анан бейтааныш бирөөдөн эмнени күтсө болот деп чочуладым. Апа мээримин алалбаганы аз келгенсип, бирөөдөн кагуу угуп чоңойгон баланын келечеги кең болбос. Жаркынымдан калган ушул үчөөнү чоңойтуп алайын деген эле тилегим. А менин жашоом кийин эмне болот билбейм. Мен сүйгөнүнөн ажыраган бир ак куумун. Кайын агам картошкаларды жууп, туурап, сыртка алып чыгып кетти. Балдары кандай гана бактылуу. Мында атанын тарбиясын алуу өзү гана бакыт болсо керек. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg