Кайсын Абакиров: Эсеп палатасынын отчету Садыр Жапаровго Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Теңгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсептөө палатасынын “Кумтөргө» тышкы башкаруу кирген 17.05.2021ден 30.06.2022 чейинки ишмердигине байланыштуу текшерүү жүргүзгөн аудити тууралуу Фейсбук баракчасына жооп жазды.

Андагы билдирүүсү аркылуу адвокат, Эсеп палатасы коомдук аң-сезимди манипуляциялап, фактыларды бурмалоо аркылуу Теңгиз Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаровго күнөөлүү катары көрсөтүүгө далалат жасаганын белгиленген.

Башкача айтканда, Теңгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров өз сөзүндө:

«Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Отчет сабатсыздыкты айгинелейт жана укук коргоо органдарынын материалдык чыгымды аныктоого байланыштуу бардык дооматтарын канааттандырууга жол ачат. Эсеп палатасынын мындай материалдары кандай гана бийлик болбосун, аларды өз кызыкчылыгы үчүн, учурдагы кырдаалга жараша жана керектүү жыйынтык алууга пайдаланса болот деген ой калтырат. Теңгиз Бөлтүрүктүн ишин кайсы бир багытта (күйүүчү май, азык-түлүк, тетиктерди сатып алуу) эмес, комплекстүү караш керек. Ишкананын 2021-жылдагы таза кирешеси бардык салыктар төлөнгөндөн кийин 233,2 миллион доллар болгон. Ал эми 2022-жылдын алты айында 152,5 миллион долларды түзгөн. Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок жана бул жагдайды биз кайсы гана сото болбосун далилдей алабыз», — деп жазган.

Эске сала кетсек, Эсептөө палатасы 3-февралда «Кумтөр» компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Анда «Кумтөр» бул убакыт аралыгында «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү – 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн. Кеңсе эмеректерин алууга, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн. доллар короткону белгилүү болгон.

Мындан сырткары «Кумтөр» компаниясы улуттук холдингге 32 долбоорду ишке ашырууга каражат бөлгөн. Алардын катарында «Аврора» санаторийин жаңылоо, бөтөлкөгө куюлган суу чыгаруу, Каракол аэропортун жаңылоо, «Каприз» тоо лыжа мейманканасын жаңылоо, беш жылдыздуу жаңы мейманкана куруу, мрамор чыгаруучу завод куруу, Караколдогу ипподромду жаңылоо сыяктуу бир нече долбоор бар…

 

Аргумент.kg