Кайсы депутаттардан «омикрон» штаммы аныкталды?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Аталган комитеттин төрагасы Медербек Алиев чогулуштун алдында айрым кесиптештери коронавирустун «омикрон-штаммын» жуктуруп алышканын айтты.

Жыйынга депутаттар Медербек Алиев, Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу), Замирбек Мамасадыков, Улан Примов, Равшанбек Сабиров, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Чыңгыз Ажибаев катышууда.

Аргумент.kg