Кайрат Осмоналиев: «Күзүндө парламенттик шайлоо болбой калышы мүмкүн»

«Депутаттардын 50 пайызы жаңы келишти, ошондуктан күзүндө
шайлоо болбой калышы мүмкүн». Мындай пикириди бүгүн, 26-майда «GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
«Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50 пайызы жаңы келишти,
ошондуктан күзүндө шайлоо болбой калышы мүмкүн. Мурдагы депуттардын айрымдары ар кандай себептер менен мандаттарын тапшырып кетишти. «Мөөнөтү бүткөнү калды» деген менен жаңылар көп келип жатышат. Мунун артында көптөгөн себептер бар.
Ар кандай сунуштар айтылып жатат. «Күзүндө парламенттик
шайлоо өтөт» деген пикирлер болууда. Бирок, парламенттик шайлоонун күнү белгисиз. Ага чейин жарлык чыгышы шарт. Жаңы Конституцияга ылайык, 300гө жакын мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек да. Жогорку Кеңеш ошону менен алек болуп иштеп жатат. Муну парламент жыйынтыкташы керек.
Жаңы мыйзамдар пайда болот. Ошолорду процедуралардан
өткөрүү зарыл. Бул үчүн убакыт керек. Былтыр күз айында «июнь айына чейин шайлоо өтөт» деп айтылбады беле? Менин жеке оюм боюнча, күзүндө шайлоо болбой да калышы мүмкүн. Парламент жаңы кодекстерди кабыл алышы керек, бул бир канча убакытка созулат деп ойлойм.
Ошондой эле жакында жайкы каникул башталат. Партиялар үгүт иштерин жүргүзгөнгө дагы убакыт кетет» дейт Кайрат Осмоналиев.

Аргумент.kg