Кайрат мырза, жаңы үйдү кайдан тапкан каражатыңызга алдыңыз?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эске сала кетсек, мурунку Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кызматынан кол жуур менен КТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучусу болуп дайындалган. Ооба, анын жаңы кызматка келиши коомчулукка нааразычылык туудурган.

Ушул күндөрү Иманалиев баш калаанын чок ортосунан үй алгандыгы сөз болууда. Мындай кабар «Эл шаардын чок ортосунан үй алмак тургай, шаардан алыс жайгашкан конуштардын биринен бир тилке жер ала албай кыйналып турган заманда кайдан келген, кайдан түшкөн акчага алды экен?» деген суроо туулуп, коомчулукту бушайманга салып, шек жаратып жиберди.

Эмне үчүн бир гана креслону ээлегендер гана байып, а ошол эле жанында ошондой айлыкка иштеп жүргөндөр кредит төлөй албай, карызга белчесинен батып жүрөт? Дегеле эмне себептен тийиштүү органдар байлардын байлыгын эсептеп, кайдан келгенин аныктабайт?

Кантсе да мурунку маданият министри бул жаңылыкка терикпей, тек гана жооп берет деп ойлойбуз. Кайрат мырза, жаңы үйдү кайдан тапкан каражатыңызга алдыңыз?

 

Аргумент.kg