
Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду
09-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваКайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна Болотбек Тиллебаев дайындалганы жызылды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилесек, Кайрат Иманалиев бул кызматка өткөн жылдын июнь айында дайындалган эле.