Кайнежелеримдин балдарынын шалаакылыгынан кайненеме жакпай койдум

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен бир үйдүн жалгыз келинимин. Жолдошум жалгыз уул, эки кыз бир тууганы бар. Кайнежелеримдин баары чет жактарда иштешет. Алардын балдары биздин үйдө тарбияланып келет. Улуу кайнежемдин үч уулу, кичүү кайнежемдин бир уул бир кызы бар. Кайненем аларды жумшап койсом эле балээ басып калчу болду. Жетинчи класс окуп калган бала кантип дүкөнгө жумшасам адашып кетсин. Кайнежемдин балдарына кайненем болуша берип алар чечкен кийимин өйдө албай калышты. өзүмдүн удаалаш кичинекей эки балам бар. Айтор балдардын айынан кайненеме жакпай ортодо урушубуз күчөп баштады. Кээде балдар туалетага киргенден кийин суусун агызбай таштап кетишет, кичинки кирген адам ичине отура албай калат. Мындайда артынан кирип суу агызып жууп койбойсун деп мени күнөөлөп калат. Чындап келгенде тажадым, он төрт он бешке чыгып калган балдардын артынан чуркап кирип туалеттин суусун агызып турбайм менин андан башка жумушум да толтура. Эки баламды ээрчитип алып төркүнүмө кетким келип калды.

Аргумент.kg