Кайненеси ууру деп айыптап урганы үчүн асынып өлгөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Келинине психологиялык басым жасап, өз жанын кыяга алып келгени үчүн 54 жаштагы аял беш жылга эркинен ажыратылды. Окуя Тажикстандын  Рудаки районда катталган.

Сот өкүмүндө Исмоилова 2022-жылы май айында келини Гулнисо Абдуназарованы акча уурдоого айыптап, айылдаштарынын көзүнчө кемсинткени жазылган. Кайненесинин мындай мамилесине чыдабаган келин ашканага барып асынып алган.

Сотто Бибинос Исмоилова тагылган айыптарды четке кагып, келининин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди. Бирок күбөлөр ал Гулнисо Абдуназарованы дайыма кемсинткенден тышкары, аны сабап да жүргөнүн айтып беришти.

Тажикстанда 2018-жылдан бери келиндерин өз жанын кыюуга жеткирген бир нече кайнене соттолгон.

Аргумент.kg