Кайненемдин «ууру» деп жемелегени 4 балалуу болсом да калбай койду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы. Кайненем ууру көрөт, болбогон бок-сактын баарын мени кылды дей берет. «Мен аны бул жакта отуруп эле билем, сен эле кылдың…» Бирдемесин таппай калса, же жоголсо, күйөөм карточкасын кайда катканын унутуп калып, кийин кайра өзү эстеп, өзү таап келсе да, баарына эле мени күнөөлөй берет. Колдогу келинмин. Келгениме 7 жыл болду. Жолдошумдун 2-турмушумун. Өзүм бардар үй-бүлөнүн эле кызымын. 4 балалуу болдук. Бирок эле кайненем дайыма мени ууру тута берет. Каргансам да ишенбейт. Алган зарплатамды деле, келин болуп келген күндөн баштап карточкамды апама бергем, биз бир үй-бүлөбүз да деп. Кошумча акча тапсам да, алып келип санап берээр элем… Иштебей, удаа-удаа төрөп, үйдө отуруп калгандан бери, апамдын мени болбогон нерсенин баарын «Сен кылдың, мен сени жакшы билем» деп, күнөөлөй берет. Керек болсо, кайненем, жолдошум бирөөнүн бирдемесин байкабай алып алса же таап алса бербей эле коёт.
Мен алтын сөйкө тапсам, рекламага берип, экинчи түгөйүн алып келгенге берем, телефон тапсам, кайненемдер өчүрүп сал дегендерине болбой, ээси чалса берем, буюрбайт, балдарыма, жакындарыма кесепети тийбесин деп, бергенче шашам.
Эмне кылсам, мага ишенет???

Аргумент.kg