Кайненемден тажадым. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көйгөй кайын журтта, точнее кайненеде. Турмуш кураганыбызга 5 жылдын жүзүболду, чынын айтканда эки жагын карап турмушка аттаныш керек экен. Кайненем өтө начар аял болуп жатат, айлап, жумалап характерин көргөзө берет, ушул жылдардын ичинде кылбаганды кылды баарына чыдадым. Бирок азыр сабырым кетип баратат. Эми ээсиме келдим, жооп берейин деп атам. Болгону акырында Ата-энеме асыла баштады, ошого эми чеги келди токтоюн дейм. Мындан 3ай мурун өз атам үйгө иштери менен келип 2 айдай жүрүп кеткен. Эми ошону жолдошума айткан экен продукты алып атабы, чоң киши көп жейт, силерге токтобой эле койсо болмок экен деп, бул бир. Мен турмушка жаңы чыкканда, ошол эле атам апам бизге кофеден баштап сүтүнө чейин алып берчү, эт, майда чүйдөсүн айтпай эле коеюн, апам түрлөп даамдуу тамактарды жасап бер дейт эле.
Экинчиси, кыялы кармап турганда мага атан жөнүндө бирөөлөр жаман бирдемелерди айтты мен көңүл бурбай койдум деп дагы айтты. Булардын баарын апама айткан жокмун, ортодо сый болсо экен дейм, бирок бир күнү айтып саламго деп коркуп турам. Анда чооң чатак чыгат. Мындай адамды кантип тыйсам болот? Унчукпай жакшы келин дагы болуп көрдүм, эми жаман келин дагы болуп көрөйүн дейм. Ата-энеме асылганына чыдабай жатам. Мени көккө жеткирген Ата-энем, окуткан, чокуткан, менден эштемке аябаган.
Кайнатам жок, жалгыз менин атамды дагы ата кылып ал деп үйрөтпөдү жолдошума.
Ичинде ушунча кири толо адам экенине дагы деле ишене албай турам.
Азыр оюмду, сөзүмдү чогултуп турам жооп берүүгө, эгер кимде оригиналдуу жооп, ойлор болсо бөлүшө кетиниздер кошо айта кетейин.

Аргумент.kg