Кайненем төрөбө деп урушуп жатат. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы  менинкин чыгарып бересизби. Жашоо шартыбыз Аллахыма шүгүр, күйөөм жалгыз уул. Үйүбүз бар айылда турабыз. Бир кыз бир уулум бар. Уулум 2 ден ашты Инша Аллах. Азыр үйдө эле отурам айылда жумуш деле жок үйдө мал сал менен элебиз. Спираль салдыргам. Бир жыл боло элек болчу гинекологко көрүнсөм алдырып сал төрөйбөй каласын деп алдырып салдым.Анан ойлоп атам дагы бирди төрөп алсамбы дейм. Жолдошум макул болуп атат дагы бир кыздуу болуп алсак деп. Экөөбүз тең шүгүр баласаакпыз. Бирок  мамам уруша берет төрөбө деп.Балдарын мектепке барганда анан төрө деп. Өзүбүз эки эле бир тууганбыз иним эле бар.Жолдошум көп балалуу болгусу келет. Кайненем деле сүйлөнө берет кичинекей балдарды көп жактырбайт. Бир аз чачылса эле нерв болуп уруша берет балдарымды. Өзүм дагы төрөгүм келет мага дагы күч кубат анан духтан берип койгулачы сураныч.

Аргумент.kg