Кайненем мени урат, кетип калайын десем барар жерим жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кайненемдин үйүнүн босогосун аттаганыма сегиз жылдын жүзү болду. Кайненем албуут аял. келген кундөн тартып кокус тарелканы же кашыкты кайненем айткан жерге койбой калсам мени жулмалап урганга чейин барат. Эки балам бар алар кичине кезинде мен жыйнап кеткен жерди чачып коюшса да балдарын да сага окшон ээн баш жетим де деп уруп койчу. Көп жолу кетип калайын дедим бирок барар жерим жок. Ата-энем мен кичине кезимде эле автокырсыктан каза болуп калган. Башка туугандарым да жок. Азыр улуу кызым биринчи классты окуп жатат. Ага китеп сатып берет экем десем кайненем менен күйөөм экөөлөп уруп, кыз баланы окутуп мүйүз чыкпайт китеби жок эле бара берсин дешти. Келин болуп келгени иштеген эмесмин. Үй тиричилигин кылып кайненем менен күйөөмө учурунда тамагын даярдап оокатын кылам. Мен да балдарымдын билим албай мага окшоп калбасын калайм. Кантип жумуш таап, бул үйдөн чыгып кете алам? Кеңеш берер эч кимим жок. Кайда кайрылсам болот?

Аргумент.kg