Кайненем мени ажыраштырып эми баламдын бактысын буудуң деп күнөөлөп жатат

Кайненем мени ажыраштырып эми баламдын бактысын буудуң деп күнөөлөп жатат

11-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Төрт жыл мурун кайненем менен кайынсиңдим жашообузга аралаша берип акыры мени эки бала менен ажыраштырып тынышкан. Ажырашуу учурунду кайненем күйөөмдун кулагын жеп балдарынан баш тарттырып, алимент төлөөдөн да кутулушкан. Убакыт баарын таразалайт экен, ач калып, балдарымды кучактап ыйлаган кундөрүм болду. Кошунанын балдарынын эски кийимдерин сурап кийинтип жүруп балдарымды багып чоңойттум. Эми кайненем чалып алып : «Баламдын багын бууп, балдарга атасын жамандап өстүрүп көөп жатасын»-деп көрунгөн сөздөрдү сүйлөп башымды оорута берчү болду. Эки жоолу телефонумдун номерин алмаштырдым. Бир айга жетпей таап алат. Апамдан улуу адамды беттен алып кыйкырышып да уруша албайт экенсиң. Канткенде кайненемдин озун басам?