Кайненем мага күн көрсөтпөй күйөөмө кыз таап берип…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмушка чыкканыма 9ай болду 7 айлык боюмда бар. Менин көйгөйүмкайненем. Үй-бүлөдө күйөөм эңулуусу,кайненем мага күн бербей жатат бакырып урушат. Ушундай жүрөгүм безилдеп калды. Төркүнүмө да жибербейт. Апам айылда өзү 3 небересин карап калды бир туугандарым Россияда. Апамды сагындым, үйүмө барып жатып келейин десем урушат. Иш кылсам да жакпайм. Кир жууганда үйдөгүлөрдүн баарынын турсасына чейин полуавтомат стиральныйда жууйм. Сууну очокко ысытып. Баарын өзүм кылам. Кайни кайнсиндилерим жардам бербейт. Кечкээ тв көрүп жатышат. Кайненемди өз апамдай көрүп мамилемди жакшы кылып баардык сөзүнө чыдап жатам. Күйөөсү да аябай бакырып урушат. Эмне болсо эле квартира алып чыгып жашагыла депурушат. Чыгып кетели десем күйөөм ынабайт эл сөз кылат деп. Кайненем мени аябаса дагы ичимде чоноюп жаткан баланы ойлоп кичине жакшы мамиле кылса болот го. Кулдай жумшайт. Сурайын дегеним кайненемин бул кылыктарына кантип чыдайын. Ушундай кайненеге кантип чыдайм?

Аргумент.kg