Кайненем кызымы бала катары көрбөйт, кайненеме кантип түшүндүрөм?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Уул бала кыз баладан жогору турабы? Менин көйгөйүм башкалардыкынан башкача болушу мүмкүн бирок мен үчун чоң көйгөй болуп жатат. Кайын журт менен турам, бир кыз бир уулум бар. Кызыгы кайын журтум кыздуу болгонубузда ырым деле кылган эмес, жада калса тушосун да кескен жокпуз. Апам берип ийген койнокту кийгизип, колго отр жасап өткөруп койгом. Уулду болгондо кошуналардын баарын чакырып той кылышты. Тушоо тойго төркүнүмдөн бери чакырышып, мага ата – энеңе айт уулга чоң бир нерсе алып келсин дешти. Атамдар отуз миңге машина оюнчук алып беришти. Уулум да кызым да менин балам болгону кайнене кызымды кагып силкип уулумдун көзүн көп карайт. Мага бул өөн көрүнө берет. Өткөндө үй оокаттарымды жайып жүрсөм кызым инисин ээрчитип чайга кирип кетишти. Ичкериденкайненемдин апаңа бар ачка өлуп кетпейсиң дегени угулду. Кызым мага ыйлап келди. Чон апам Улукка печенье менен чай берип мени урушуп кууп ийди деп. Кызым азыр төрт жашта, анын психологиясын азыртадан талкалап жатканын кайненеме кантип айтам.

Аргумент.kg