Кайненем күйөөмө “аялың мени сыйлабайт” дептир, жолдошум “сизди сыйлабаган адам менен жашабайм” деп жатат

Кайненем күйөөмө “аялың мени сыйлабайт” дептир, жолдошум “сизди сыйлабаган адам менен жашабайм” деп жатат

27-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы? Чыгарып берип коюңузчу.
Атым Мээрим жашым 23тө, турмушка чыкканыма 3ай болду. 4-5 жумалык кош бойлуумун. Үй-бүлөм бузулганы турат. 12 күндөн бери төркүнүмдөмүн, күйөөм мүнөзү жакшы, кайненем эч эле жактырбай койду.
Эки келин үйдөбүз ага салыштыра берип күн өттү. Аябай жоош кызмын, аз сүйлөйм. Боюмда болгондон баштап күйөөм көңүлүмдү карап калды. Эри жок аялдар баласын кызганат окшойт, кайненем баласын кызганып жүрүп күнү өттү. Төркүнүмдү душман тарап деп эч эле жиберишпей коюшту, бир күнү апам “эжең келди, суранып келип кет” дегенинен барып келейин десем күйөөм көнбөй койду. Кетсең келбейсиң деген, а мен келе бердим эле ошодон бери үйдөмүн, ал жашабайм деп туруп алды.
Эч кимдин сөзүнө кирбей атат. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериниздерчи. Жалынсам да жашабайм деп туруп алган. Баласы үчүн жаша деп айтсак да болбой жатат. Эмне кылсак болот? Сыгылып, ыйлап күнүм өтүп жатат.
Кайненем “мени сыйлабайт” десе, жолдошум “сизди сыйлабаса жашабайм” дептир. Мен кайненеме бир да сөз кайтарган эмесмин, урушса унчукпай ишимди кыла берчүмүн.