Кайненем балдарынды багып жатам айлыгыңды мага бер дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эки ай мурун жумушка чыктым. Эки балам мектепте окуйт, бирөө эки жашар. Кайненем эки жаштагы кызым менен калат. Күйөөм мамлекеттик кызматта болгондуктан анын айлыгы продуктыдан ашпай калат. Ага жардам берип балдардын кийим кечесине кенен болсун деп жеке бала бакчага бала багуучу болуп кирип алдым. Экинчи айда кайненем мен деле балаңды багып жатам мага акча бер деп айтты. Биринчи айлыгымда эки миң колуна карматып калганын азык-түлүк алгам. Айлыгым ошого эле жеткен. Кайненем өз небересин караганына акча сураганына ынгайсыз болуп калдым. Кайненеме канча берсем болот? — деп сурай да алган жокмун. Кайненем менен кантип чечишсем болот, аны менен мамилемди бузгум келбейт.

Аргумент.kg