Кайнелелердин түрлөрү, сиздики кандай?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Курбу-кайнене:

Жаш, турмушта тажрыйбасы жок келинине мыкты кеңешчи. Өтө жабышып, курулай тажата бербейт. Керектүү учурда жакшы энциклопедия. Андан ашкана сырларынан баштап, эркекке кандай мамиле жасоо керектигине чейин билсеңиз болот. Адатта мындай кайненелер тамашакөй, ачык-айрым келишет. Эгер ушул түрүнө туш болсоңуз, сиздин бактыңыз тоодой.

Атаандаш-кайнене:

Тапкан-ташыганын, жаштыгын баласынын тарбиясына жумшап, ага дээрлик бүт өмүрүн арнаган эне. Мындай кайнененин түрү жалгыз бой аялдарда көп кездешет. Баласына бүт өмүрүн арнаса, анан кайдан-жайдан жаш келин келип анын үйүнө ээлик кыла баштаса, ал үчүн кыйын кырдаал жаралат. Келинине болгон кыжыры күчөп, ага атаандашканга өтөт. Баласынын көзүнчө басынтып, бул үйдө ким кожойке экенин баса белгилегенден да кайра тартпайт. Келининин кылган оокатына, баскан-турганына оңой менен ичи жылыбайт.

Тыңчы-кайнене:

Жаш жубайларды андыгандан тажабайт. Келини эмне кылып атканын шимшилегенди адатка айландырат. Уул-келини эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын тыңшап туруу ал үчүн катардагы көрүнүш болушу мүмкүн. Жогорудагыдай жоругу келин үчүн абдан эле жагымсыз болот. Баарынан кабардар болгусу келген кайнене уккан-көргөнүн келинине каршы колдонушу мүмкүн.

Ишкер-кайнене:.

Карьераны биринчи орунга койгон, келин менен иши жок кайнене. “Ач кулактан тынч кулак” деген кайнене кири жуулдубу, баласы тамак ичтиби, үйү жыйналдыбы – көп деле кызыкдар эмес. Келин мындай учурда өзү кожойке катары толук эркиндикте болот. “Кайненем эмне дейт?” деп заарканбай, каалаган тамагын жасап, оокатын кыла алат.

Башкаруучу кайнене:

Мындай кайненелер бардык жагдайды өз көзөмөлүндө кармагысы келет. Кечки тамакка эмне бышыруудан баштап, келини кандай халат алат – ошого чейин көзөмөлдөйт. Жаш жубайлардын ар бир ишине мурдун тыгып кийлигишип атканын өзү байкабайт. Балдарына өзүнө жаккан кызды алпермейин жандары жай албайт. Келиндери ар бир жумушту кайненесинен уруксат алып жасоого туура келет. Тили заар кайнене: кээ бир кайненелер чучукка жеткен ачуу сөз менен тилдейт. Анысы аз келгенсип, сөз арасында келиндин төркүнүнө да асыла кетет. Бул туура эмес жорук.

Аргумент.kg