Кайнатамдын көңүлдөшүнүн балдары мурас талашып…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кайнатам узак оорудан бир жыл мурун өтүп кеткен. Жолдошум жалгыз бала болгонго кайнатам жашаган үйгө биз ээлик кылып калдык. Кайненем болсо авариядан кийин жаш баладай болуп калган. Кайненеми карап балдар менен үйдө отурам. Жолдошум жалгыз беш адамды багып келет. Кайнатамды жерге  бергенде дачаны,унаабызды сатууга туура келген. Эми жыл айлангандан кийин кайнатамдын көп жылдан бери жашырып келген ойношунун балдары бизден там талашып жатат.  Балдар кайнатама жанындыгы  жок. Сотко кайрылсак  акчага алданып тиги тарапка чечип баарыбыз талаада калбайбызбы?

Аргумент.kg