Кайнатам мени канчык деди, ага мен эмне деп жооп берсем?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сөз башынан болсун. Турмушка чыкканыма 7 жыл болду, 2 кызым бар. 5 жыл кайната кайненемдин колунда болдук. Москвага келгенибизге 2 жыл болду. Мени кайненемдер “сен кичине кызың менен иштей албайсын. Иштегени барасынбы же бала караганы барасынбы”- дегенине карабай күйөөмдү ээрчип келе бергем.

Алардын оюу боюнча кызматынан качкан имишмин. Мен күйөөмдүн жанында болгум келди. Үйдө отуруп алган деле жокмун интернеттен акча таап + подработкаларга чыгам күйөөмө жардам болсун деп.

Бүгүн жүрөгүмдү өтө ооруткан кайнатамын үнүн уктум. Кайнатамдан эч мындайды күткөн эмес элем. Менин атымды айтып, “паланча” канчык эмне сүйлөшкүсү келбей жатабы, эмне телефонун албайт? Телефон албаса мени ата дебесин деди күйөөмө, мен “случайно” угуп калдым. Мени канчык деген сөздү угуш үчүн 5 жыл аларга кызмат кылдымбы?

Эмне жамандык кылдым?! Өздөрүнө жараша кылсамбы? Күйөөм иштеп атат колу бошобой телефонун ала албай калып жатса керек дептир. Иш убактысында телефонунумду бут чечкен бөлмөгө калтырыпап кетем, ошондуктан байланыша албайбыз. Аны түшүнүшпөй эле чалса албайсын деп жаңжал сала беришет. Катының алба деп жатабы деп. Тескери мен күйөөмө ата-энеңе чалдыңбы сүйлөштүңбү, чал деп турам. Кайненем менен күндө сүйлөшөм, иште деп да айтам. Бүгүн кайнатамдын добушун угуп бир чети өлүп кетсинчи дейин десем, бир чети таарынып турам. Эмне кылсам болот кеңешиңерди бергилечи?! ??

Интернет булактарындагы тагдырдын тамашалары

Аргумент.kg