Кайнатам мага болушса кайненем келиниң менен соо эмессин деп…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөдөн чыгып келген кайынсиңдимдин баласынын айынан кайненем экөөбүз тирешип калдык. Кайынсиңдим баласын менин бөлмөмө түртүп коюп түшкө чейин уктайт. Бир жолу үйгө көнөк келе турган болуп даярданып жатсам дагы баласын чычырган боюнча мага туртуп койду. Кайненеме «баласы чычып койду «-деп кызына айтсын дедим. Май ысыганча боорсокко камыр кесип жаткам. чынын айтсам өзүмө түйшүк кылгым келбей койду. Ошол жерден кайненем жууп койсон колуна жугуп калбайт ал эрден чыгып депрессия болуп жатат сеиники койнунда жатат го деди. Бул сөз мага катуу тийди. «Апа менде да эки бала бар, башка түйшүгүм бар. Жок дегенде мен бошобой жатканда баласын карай турбайбы» -дедим. Уруш башталды. Кайненем мени жылансың жетим дегенге чейин барды. Албууттанып мени кухнядан түртуп чыгарып, ойноп отурган балдарымды желкеден алып эшикке чыгарды. Сыртта жумуш кылып жүргөн кайнатам баарын уккан окшойт, ыйлап жерде отурган бир жашар кызымды колуна алып, кайненемди ашыкча сүйлөбө деп какты. Кайненем болсо «кызына эмес келиңине болушасын келин менен соо эмессин » деп кошуналарга чейин угуза кыйкырынды. Үйгө келе турчу кайненемдин бир туугандары унутулуп, мен эки баламды көтөрүп чыгып кеттим.  Кетип бара жатсам кайнатам токтотуп колума акча карматып, кызыма: «Атаңар артыңардан барат  деп узатып койду. Азыр эжемдин үйүндө жашап жатам күйөөм чалып сүйлөшкөну менен ортобуз муздак болуп калды.

Аргумент.kg