Кайната кайненесин бычактап аялын барымтага алган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кызганычтын отуна чыдабай кетип калган аялын кайтара албай калган жаран кайната кайненесин бычактап, аялын барымтага алган. Бул тууралуу Турмуш.кж сайты жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон. Шектүү делген жаран аяы менен бир жыл мурун баш кошуп бирок кызганычтан улам аялына тынчтык бербей койгон. Күйөөсүнун кызыл камчысынан улам аялы тынымсыз ата-энесиникине барып турган. Бул жолу да аялы кетип калып артынан барганда аялы артка кайтууга макул болбой коет. Аялынын өзу менен чогуу кетпегенине ызалана түшкөн күйөө кайын журтуна силерди өлтүрөм деп кекетип кеткен. Көп өтпөй кечинде эл тааныбасын деп топунун бетинен көз оюп жасап аны баса кийип алып түндөсу барган. Түйннү аны менен эч ким сүйлөшө албасын айтып, күндүз кел дешкен. Ал ортодо турган кайнатасын бир нече жолу бычактап, арачалаганга аракет кылган кайненесин да бычактаган. Андан кийин аялынын оозун скочтоп, колун байлап үйүнө алып кеткен. Милиция келерин билип жашырынууга да аракет кылган. Барымтага алынган аялын милиция кызматкерлери бошотушкан.

Ал эми окуя тууралуу барымтага алынган келин тергөө учурунда төмөнкүлөргө токтолгон.

«Өзүмдүн апам Москвада эмгектенгендиктен мен таятам менен таенемдин колунда өсүп калгам. Ошол үчүн аларды апа-ата деп кайрылам. Февраль айында мени ала качып кетип, ата-энемдин макулдугу менен отуруп калдым. Анын  ата-энеси ажырашып кетип, таякесинин колунда чоңойгон. Апасынын экинчи турмушу бар.

Башында абдан жакшы жашачубуз. Жолдошумдун мүнөзү жакшы болчу. Кийинчерээк кызганычтан улам пикир келишпестиктер көп болуп жатты. Кол да көтөрө баштады. Акыркы жолу жолдошумдан таяк жегенден кийин эле таенем таятам ооруп калганын, үйдө эки кичинекей бала менен кыйналып жатканын айтып, мени үйдөгү бир аз жумуштарга жардам берип кой деп чакырды. Үйгө барганда апам (таенем) денемдеги көгөргөн тактарды көрүп, “болду, сен аны менен жашабайсың” деп телефонумду алып, жолдошумду урушту. Ошол күнү жолдошум келип, дарбазаны такылдатып, мени алып кетмек болду. Бирок үйдөгүлөр мени жиберген жок. Эртеси күнү да үйүбүздүн жанына келип, күндүз кечке жүрдү.

Окуя болгон күнү мен эрте эле уктап калгам. Бир маалда чочуп ойгонуп кетсем, таенем менен таятам жерде канга боёлуп жатышыптыр. Анан жолдошум менин колу-бутумду скотчтоп үйгө алып кетип калды… Таенем тирүү болсо, быйыл 63 жашка чыкмак, таятамдын абалы оор», — дейт.

Сузак райондук сотунун 2020-жылдын 25-ноябрындагы чечими менен ал Жазык кодексиндеги 130-берене («Киши өлтүрүү»), 144-берене («Уруп-согуп кыйноо»), 190-берене («Турак жайга кол тийбестикти бузуу»), 39-берене («Кылмышка аракеттенүү») боюнча жана 170-берене («Киши уурдоо») менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып салынган.

Аргумент.kg