«Кайната, кайненем келсе эле көңүлүм айлана берет…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен кеңеш деле алгым келбейт, болгону ичимдеги толуп жаткан бугумду чыгарып алгым келди. Мен кичүү келинмин, жолдошумдун жумушу шаарда болгондуктан тойдон кийин эле келе бергенбиз. 3 балам бар кудайга шүгүр. Кайната кайненем кээде биздикине конок болуп келип турат, ошол убакта мен жүдөп, жүрөгүм сыгылып башкача эле боло берем, мындайча айтканда көңүлүм айныйт. Себеби алар жыттанып кеткенсийт . Жакшына да кийинип алышпайт. Жолдошума апалары жөнүндө эч нерсе айтпайм, мени жаман ойлоп калбасын деп. Болгону ичимен эле аларды эч жактырбай койдум. Учурда да биздикинде бир жумадан бери же кетейин дебейт. Бул жакка келип жатканда ал жактагы келини жакшына кийинтип койсо болот да, туурабы кыздар? Анысы да буларга окшогон жүдөө , ошон үчүн карабайт окшойт кайната кайненени.

Аргумент.kg