Кайып Шер: Атамбаев, Мадумаров, Жээнбеков кыргызга зыян гана алып келишти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жарандык активист Кайып Шер ЖК депутаты Адахан Мадумаровдун өздүк тарыхы боюнча маалыматтарды соцтармактагы баракчасына жарыялады. «Адахан Мадумаровдун атасы дене тарбия боюнча адис болгон. Айтылуу Бостон уруусунун Кызыл аяк деген чакан бутагынан болот. Ал киши 1990-жылдардан кийин кесибин алмаштырып молдо болуп кеткен. Атасы молдо болуп кеткенден кийин Куршабдын раиси болуп иштеген Алимжан деген таажездеси колуна 50 рубль берип, Адаханды Москвага окууга жиберген. Ал окууну аяктап келгенден кийин бир топ убакыт депутат болгонун билесиңер. Депутаттыкка экинчи жолу шайланып жатканда, баягы таажездесинин кеңешин укпай койгондо ал киши «Кудайга койдум», — деп бурулуп басып кеткен дешет. «Иши оңолбой калганы да ошондон», — деп калышат. Мадумаровдун тайкелери өзбек улутунан болот. Алар эл сыйлаган, жакшы кишилер болгон деп угам. Аларды билген кишилер «тежик, куу чирен эмес, кепти уга билген көтөрүмдүү кишилер эле», — деп калышат. Кийинчерээк Каркыраны парламентте ратификациялап берип, жерибиз казактарга кеткен… Андан кийин Баткендеги талаш жерди ансайын талаштуу кылып, анын айынан кыргыз менен тажик канча жолу кагылышты. Мадумаров буга чейин кылган иштерин карасак, Кыргызстан үчүн өчү бардай жагымсыз иштерди жасап келет. Алмазбек Атамбаев баарыбызга белгилүү, 2017-жылы өзбек президенти Мирзиеевге жетип барып, «Менин улутум өзбек, мен өзбекмин», — деп анын оозун Ошту каратып келген. Равшан Жээнбеков дагы «Кокондук болом, ошондуктан кыздарымдын атын кокондук ханайымдардын атынан койгом», — деп айтып калганы элдин эсинде болушу керек. Кокондукмун деп мактангандар кыргыз элине коко тыйын пайда алып келишкен жок. Бул үчөө башынан ынак. Тууганчылыгы да бар, кыскасы чырмалышкан. Булардай кыргызга эч ким зыян алып келген жок», — деп жазды Кайып Шер.

Аргумент.kg